AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Лизингге комбайн алып кирешесин көбөйткөн фермердин ийгилик сыры

Лизингге комбайн алып кирешесин көбөйткөн фермердин ийгилик сыры

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жеке ишкер Екатерина Николаевна Нудко жолдошу Евгений менен бирге Чүй облусунун Панфилов районундагы Чалдовар айылында жашашат. Алар дыйканчылык менен алектенишет, 2003-жылдан бери эгин өстүрүп келишет.

Негизги жумуштары — өсүмдүк өстүрүү жана Панфилов районунун жашоочуларына айыл чарба техникалары боюнча кызмат көрсөтүү. Фермада “Беларусь” тракторлору, чиркегичи бар жүк ташуучу машиналар, “Нива СК-5” жана “Енисей” комбайндары бар. 

«Бирок, мөөнөтү 30 жылдан өтүп калган эски комбайндар бузула берет, ар дайым оңдоп-түзөөгө муктаж», — деп даттанат Екатерина. Албетте, бул нерсе түшүмгө жана кирешеге чоң таасирин тийгизбей койгон эмес. Ошондуктан жубайлар «Айыл Банктан» комбайнды лизингге алууну чечишкен.

"Уже получаем доход, платим небольшой процент". История фермера, взявшего в лизинг комбайн

«Мурда биз эч качан насыя алган эмеспиз, өз каражатыбызды пайдаланып келгенбиз. Башка фермерлерден лизинг жөнүндө угуп калчубуз. Ачыгын айтканда, бул жолду көптөн бери ойлонуштуруп жүргөнбүз, бирок жакын арада эле чечим кабыл алдык», — дейт Евгений.

«Айыл Банкта» бир нече мамлекеттик программалар бар экендигин белгилей кетүү керек, алардын алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү жеңилдетилген насыя алууга мүмкүнчүлүк алышат. Мисалы, «Мамлизинг-5» программасы боюнча жабдууларды 6% жеңилдетилген ставка менен алуу же «Айыл чарбасын каржылоо» программасы боюнча 8% дан жогору насыя.

Екатерина менен Евгений «Мамлизинг-5» программасынан пайдаланып, VECTOR 410 комбайнын лизингге алышты. Анын пайда болушу менен, түшүм жыйноо  сапаты жакшырып, жумушчулардын эмгеги жеңилдеп жана киреше жогорулайт деп үмүттөнүшөт. 

"Уже получаем доход, платим небольшой процент". История фермера, взявшего в лизинг комбайн

«Албетте, коркуу сезими болду, анткени бул кымбат жабдык болчу. Анын кандайча иштээри, күткөндөргө ылайык келеби, белгисиз эле. Бирок мага комбайн абдан жакты, мыкты иштейт экен, түшүм жыйноо сапаты боюнча эски советтик комбайндардан бир кыйла айырмаланды», -деп жубайлар өздөрүнүн сезимдери жана кубанычтары жөнүндө айтып беришти.

Комбайндын жакшы натыйжаларына көзү жеткенден кийин, жубайлар дагы бир комбайнды лизингге алууну чечкен. Көп өтпөй эле, үстүбүздөгү жылдын май айында жаңы жабдуу ишкерлердин колуна берилди. 

«Эгер өзүбүз комбайн ала турган болсок, көп убакыт акча чогултмакпыз. Бул жерде баары ыңгайлуу экен, киреше түшө баштады, ошол эле учурда акырындык менен лизингдик төлөмдөрдү төлөп жатабыз.»

«Жаңы заманбап технологияларды алуу бизнестин өнүгүшүнө карай жасалган кадам деп ишенем»,— дейт Екатерина Нудко.

"Уже получаем доход, платим небольшой процент". История фермера, взявшего в лизинг комбайн

Фермада эки штаттык жумушчу иштейт. Бул чарбанын башчысы жана агроному. Мындан тышкары, сезондук беш жумушчу, трактор айдоочу, машинист бар. Жалпысынан Панфилов облусундагы айдоо аянты 51 594га, анын 37 миң гектары  арпа жана буудай  ээлейт. Бул жерлерди иштетүү боюнча кызматтар ар дайым актуалдуу жана суроо-талапка ээ. Демек, Екатерина менен Евгений үзгүлтүксүз жумуш менен камсыз болот. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жаңы келген келинди ким отко киргизет? Отко киргизүү каадасы боюнча тест

Жаңы келген келинди ким отко киргизет? Отко киргизүү каадасы боюнча тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.