AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Лизинг жөнүндө оңой жана түшүнүктүү

Лизинг жөнүндө оңой жана түшүнүктүү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
586
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Лизинг деген эмне, насыядан кандай айырмасы бар, ушул жана башка суроолорго “Айыл Банк” ААКтын Лизинг башкармалыгынын башчысы Урмат Акматов жооп берет.

Урмат Турдуевич, лизинг деген эмне?

“Лизинг” деген сөз англис тилинен алынган. «leasing» деген сөз «lease» деген сөздөн келип чыккан, ал “ижара” дегенди билдирет.    

Лизинг —  ишкананын өздүк каражаттарын коротпой, негизги фонддордун модернизациясын жүргүзүүгө жана жаңы керектүү жабдууларды же башка предметтерди алууга ишканага мүмкүнчүлүк берген инвестициялык курал.

Лизинг бүтүмү — бул  инвестициялык иш, мында лизинг алуучу (лизинг компаниясы) камсыздоочудан жабдууну алат жана белгилүү акы үчүн, белгилүү мөөнөткө жана лизинг алуучу (кардар) белгилеген шарттарда  аны лизинг алуучуга ижарага берет, бул мүлккө менчик укугу кийин лизинг алуучуга өтөт.

Камсыздандыруучу —лизинг предмети  же лизинг бүтүмү менен байланышкан мүлктүк, транспорттук жана башка тобокелдиктердин камсыздандыруусун жүргүзгөн, лизинг бүтүмүнө катышкан камсыздандыруучу компания.

Лизингдин экономикада ролу кандай?

Бүгүнкү күндө экономиканын өнүгүүсүндө лизингдин ролу жогорулап жатат, себеби лизинг чакан жана орто бизнести каржылоонун натыйжалуу куралы болуп саналат. Лизинг операцияларынын артыкчылыгы болуп, керектүү финансы каражаттардын жетишсиз болгонуна карабастан, бизнеске керек болгон жабдууларды сатып алуу жана жаңыртуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындайча айтканда ишкерлер лизинг аркылуу техниканы, жабдууларды жана өндүрүштүк циклди жаңырта алат.

Лизингдин артыкчылыктары кандай?

Акча каражаттарды тартуунун башка түрлөрүнө караганда лизингдин бир нече артыкчылыгы бар:

— Лизинг предметин сатып алуу үчүн жеке каражаттардын эсебинен чоң суммаларды бир убакытта дароо төлөө каралбайт. 

— Лизинг төлөмдөр лизинг алуучу үчүн эң ыңгайлуу ыкма менен бөлүштүрүлөт, компания лизинг предметин пайдалануудан пайда алган жана өзүн актап баштаган мезгилге туура келет.

— Лизинг салык преференциялардын (пайдага салык, кошумчаланган нарк салыгынын зачёту, мүлккө салык) эсебинен акча каражаттарды экономдоого мүмкүнчүлүк берет.

— Лизинг 3кө чейинки коэффициент менен тездетилген амортизацияны колдонуунун жалгыз ыкмасы болуп саналат. Ошонун эсебинен мүлктүн баланстык наркы 3 эсе тез азаят, натыйжада мүлккө болгон салыктын суммасы азаят.

— Бересени төлөп берүү графиги (лизинг төлөмдөрдүн графиги) ийкемдүүлүгү менен айырмаланат .


— Лизинг алуучу лизинг предметин пайдаланууга киргизмейинче төлөмдөрдү жүргүзбөйт.

— Лизинг предмети лизинг берүүчүнүн балансында же лизинг алуучунун балансында эсепке алынат.  Эгерде баланс кармоочу болуп лизинг компаниясы саналса, анда лизинг алуучу баланстан тышкары эсептерге лизинг предметин эсепке алуу менен  өзүнүн балансынын структурасын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алат (кредит же түз сатып алуу ага мүмкүнчүлүк бербейт).

— Ошондой эле эгерде лизинг предмети лизинг компаниясынын балансында болсо, лизинг алуучуда негизги фонддорду кайра баалоо муктаждыгы болбойт (лизинг предмети боюнча).

— Лизинг келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин лизинг алуучу лизинг предметин нөл наркы боюнча алууга мүмкүнчүлүгү бар.

— Каржылоону лизинг аркылуу алуу абдан оңой жана күрөө камсыздоосун анда-санда гана талап кылат. Себеби лизингдин мөөнөтү аяктаганга чейин мүлктүн ээси болуп лизинг компаниясы саналат.

— Лизинг жөнөкөй, жеткиликтүү жана натыйжалуу болгондуктан,  өндүрүштүн каражаттар фондун рыноктун заманбап талаптарына ылайык кармоого  лизинг алуучуга мүмкүнчүлүк берет.

КРде лизингдин өнүгүүсүнө эмне тоскоолдуктар бар?

Калк бул курал жөнүндө жетиштүү даражада билбейт. Лизинг компаниялар аз, ошондуктан сунуштар жок. Банктардын жана башка финансы мекемелердин тажрыйбасы жетиштүү эмес. Лизингдин өзгөчөлүгү узак мөөнөттүү жана каржылоонун көлөмү чоң болгондуктан, лизинг операцияларды жүргүзүү үчүн банкта “узун жана арзан акча” болушу керек.  
Мындан тышкары, ченемдик-укуктук актылардын жетилбегендиги байкалып турат. Лизинг операциялардын тез жүрүүсүнө көмөктөшүү үчүн, лизинг операцияларды жүргүзүүнүн тажрыйбасын эске алып, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Бирок ошого карабастан, КРдин лизинг рыногунун мүмкүнчүлүктөрү чоң, өзгөчө айыл чарбада. Себеби айыл чарба өзүнүн техника паркын жаңыртуусу зарыл.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Сүйүү каттары: Жигиттер да ыйлайт

Сүйүү каттары: Жигиттер да ыйлайт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.