AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
“Лайк оорусу” менен ооругандар

“Лайк оорусу” менен ооругандар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Адамдар эмне себептен “лайк” коюшат. Эмне үчүн аны канчалык көп алса, ошончолук сүйүнүшөт? Эгерде ага анчалык көңүл бөлүнбөй, жакты дегенди баскандар аз санда болуп калса, кадимкидей капа болушат, бул тууралуу билүүгө аракет кылып көрдүк.

“Лайккорлук” белгилери

Социалдык тармактардын колдонуучусу үчүн өзүнүн жарыя кылган сүрөттөрүнө, комментарийлерине “лайк” алуу абдан маанилүү. Мындай көрүнүш кумар оюнуна барабар десе да болчудай. Себеби, колдонуучулар арасында тымызын атаандашуу пайда болуп, биринчиси экинчисинен “мага жакты” белгисин көбүрөөк алгысы келет. Бир жагынан караганда чыныгы жашоодогу орточо деңгээлин, интернет аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Жыйынтыгында, коомдо жаңы психологиялык оору, тактап айтканда, “лайккорлук” пайда болду. Өздүк баракчасына тааныган жана өмүрүндө көрбөгөн досторду кошуу, алардын саны көбөйгөн сайын кубануу “лайккорлук” илдеттин биринчи белгиси.

Өздүк жаңылык түрмөгүн күн сайын жаңыртып туруу, жок дегенде 5-10 сүрөт жүктөө, аларга көбүрөөк “лайк” алуу колдонуучуга “мен активдүүмүн” деген пикирди берип, колдонуп жаткан социалдык тармагына байлап, ооруну күчөтөт.

“Лайк” – баарлашуунун жаңы ыкмасы

Адамдардын бири-бирине “лайк” коюусу заманбап баарлашуунун бир түрүнө айланган. Алсак, тармакта олтуруп бирөө менен учурашсаң, андан кайра жооп алууну каалайсың. Эгер жооп жазбаса, көңүлүң калып, жагымсыз сезимдерге чөмүлөсүң. Ошондой эле тармакка сүрөт же болбосо башка нерселерди жүктөөр замат досторуңдан пикирлерди, же дагы башка аракеттерди күтөсүң. Бул жерде колдонуучу үчүн эң маанилүү нерсе, коюлган “лайктардын” саны тизмедеги досторуңдун саны менен дал келүүсү.

“Лайктын” кулдары

Эгер адам “мага жакты” белгисин көп алса, бул анын реалдуулукта виртуалдык жашоодогудай популярдуу экенин көрсөтпөйт. Социалдык тармакта белгилүү болгон адамды чыныгы турмушта көбү тааныбашы мүмкүн. Көп адамдар “Айланадагылар мени мактап, кабыл алып, билип туруусу керек” деген түшүнүк менен жашашат. Мындай көз караштагылар “лайктын” аркасынан түшүп алып, өзүнө жакпаса дагы окурмандарына кызык болгон контенттерди коюп, бөлүшөт.

Чындыгында көңүл чордонунда болууну жактырган адамдар актер, музыканттар болушат же болбосо бул кесиптин ээлерине окшош келишет. “Лайк” алардын музасы, чыгармачылык эргүүсү сымал.

“Лайк” алуу жашоодон да баалуу нерсе

Учурда уникалдуу, өзгөчө сүрөткө түшөм деп жатып күтүүсүз кырсыкка кабылып, ал тургай керек болсо мерт болуулар да көбөйүп бара жаткан кез. Ушундан улам “социалдык тармакта көп “лайк” алуу ден-соолуктан дагы жогорубу?” деген суроо туулат. Атайын адистердин айтымында адам сүрөткө түшүп жатканда көңүлү чаржайыт болуп, тең салмактуулугун жоготуп, айланасындагы коркунучтарга маани бербей калат. Жумушта, же болбосо кайсы бир жерде олтуруп алып саат сайын сүрөткө түшүп, социалдык тармакка жүктөө жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланган. “Лайкты” эң көп алган сүрөттөр “хэштег” же болбосо “мен тамак ичип жатам”, “бүгүн таттуу токоч жасадым”, “клубда эс алуудамын” сыяктуу жеңил-желпи пикир жазылып жүктөлгөн сүрөттөр. Ошол себептүү адамдар кызыктуу сүрөткө түшүү үчүн ар кайсы жерлерге барып акча коротушат.

Реалдуулукта “мокочо”

Азыркы тапта кеңири таралып бараткан селфи программасындагы функциялар адамдын сырткы көрүнүшүн өзгөртө алат. Демек реалдуу жашоодо сулуу эмес адам селфи сыяктуу программалар менен бир заматта суйкайып калат. Интернетте сулуулук абдан жакшы баалангандыктан, өздүк сүрөтүнө “мага жакты”, “сен сулуу экенсиң” деген пикир же “лайк” алуу колдонуучуну асманга көкөлөтөт. Бирок “лайк” алуу үчүн тартылган сүрөт, каарман үчүн акыркы көз ирмем болуп калышы да мүмкүн.

  • Испаниянын Хаен шаарында 21 жаштагы жигит өзгөчө сүрөткө түшүү үчүн поезддин үстүнө чыгат. Натыйжада токко тартылып каза болгон.
  • Мексикалык 13-жашар Карен Эрнандес аттуу өспүрүм кыз селфи жасоо үчүн дарыянын боюна барып, сүрөткө түшүп жатканда тең салмагын жоготуп, сууга чөгүп кеткен. Ушундай эле көрүнүш жакында орун алды, Тажикстанда туугандарыныкына барган жаш кыз чоң суунун жанында селфи жасап жатып сууга аккан, аны куткарам деген жакын туугандарынын кызы да сууга секирип, жыйынтыгында экөө тең көз жумушту.
  • Польшалык жубайлар эс алуу учурунда тоого чыгып сүрөткө түшүүнү каалашат. Жыйынтыгында экөө тең жардан учуп, көз жумган.
  • 21 жаштагы америкалык Оскар аттуу жигит фейсбукка кызыктуу сүрөт калтыруу үчүн өзүн-өзү атып алат. Жаш жигит үйүндөгү куралды алып, камерага түшөөрдө кокусунан автоматтык баскычын басып алган. Натыйжада, ок башка тийип, ошол жерден жан берген.

Эгерде өзүңүздө “лайк” алуу көз карандылыгын байкасаңыз, тезинен психологго барыңыздар. Замандын талабы менен пайдаланып жаткан бул көрүнүштү колдонбой коюу дагы мүмкүн эмес. Болгону виртуалдык жашоо менен алышып жатып, чыныгы турмуштагы баалуулуктарды жоготуп албайлы.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Аялымдан кумар албайм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.