MegaCom компаниясы өз абоненттерине мобилдик шылуундардан кантип коргонуу керек экени жөнүндө айтып берет. Пайдалуу кеңештерди төмөндөн окуңуз.
- Тиркемелерди Play Market/Apple Store сыяктуу расмий дүкөндөрдүн булактарынан жүктөңүз.
- Активация коду менен SMS алсаңыз (же MegaCom компаниясынын ар кандай башка маалыматтарды), кандай болсо да эч кимге айтпаңыз. Коддун конфиденциалдуулугу — балансыңыздагы каржаттардын коопсуздугу.
- Белгисиз номерлерден келген жардам суроо өтүнүчүнө ишенбеңиз, өзгөчө дос-туугандарыңыздан атынан дегендерге. Мындай учурларда алгач алар менен байланышып, чынында эле жардамга муктажбы же жокпу сураңыз.
- Шектүү чакыруу алсаңыз, чалган адамдын номерин сактап коюп, бизге кат аркылуу маалымдаңыз же 8686 сандарын терип, MegaCom компаниясынын колдоо бөлүмүнө байланышка чыгыңыз.
- Эгер алдамчыларга активизация кодун айтып алсаңыз жана алар балансыңыздан каражаттарды алып койсо, капчыкты блокко салуу боюнча бул шылуундук факт тууралуу 8686 номерине билдирүү жасаңыз.

Сак болуңуз жана смартфонуңузду болушунча коргоңуз!







