Саламатсызбы. Менин көйгөйүм мындай: 18 жаштагы кызым бар, учурда фармацевтика факультетинин 1 курсунун студенти. Өзүнөн 6 жаш улуу бала менен сүйлөшөт. Тоскоол болгон жокмун, түшүнүүгө аракет кылып, дос болууга умтулдум.
Чынында, жигити менен мамилеси мага жакпайт. Өзүмдүн тажрыйбама таянып, анын жүрүм-турумун жактырбайм. Анткени, жигиттер сүйлөшкөн кыздарына белек-бечкек алып беришет эмеспи. Бул балада андай нерсе жок.
Ата-энеме жакпайсың, үй-бүлөңдү жактырышпайт, деп көп айтат экен. Кызым анда сүйлөшпөй эле коелу десе, ага да көнбөйт. Ушундай сөздөрдү укса да кызымдын аны менен сүйлөшүүсүн уланта бергени мени кыжаалат кылып жатат. Кызым аны аябай жакшы көрөт.
Эмне кылышым керек?







