AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кызымдын “р” тамгасына тили келбейт. Логопедден кеңеш

Кызымдын “р” тамгасына тили келбейт. Логопедден кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кызымдын “р” тамгасына тили келбейт. Кантип үйрөтсөм болот? Үйдөн өзүм эле үйрөтө аламбы?

Гульнара Ногойбаева              

Угуу жана сүйлөөнү өнүктүрүү борборунун адиси, логопед

3-4жашка чыккан бала “р” тамгасын машинанын же трактордун айдап бараткандагы добушун, арстандын, карганын үнүн туурап атып эле өз алдынча үйрөнүп алат. Ал эми 5-6 жашка чыгып калганда бул тыбышты так жана даана айтат. Эгер “р” тыбышын так эмес, же башка тыбыштар менен алмаштырып айтса логопедке кайрылуу керек.

Бала менен адистиги бар киши тагыраак айтканда логопед иштесе жакшы болот. Себеби, үйдөн билбестик кылып, баланын үн, добуш чыгарышын туура эмес коюп алуу коркунучу бар. Логопед баланын ооз көңдөйүнүн булчуңдарынын туура өрчүшүнө көңүл бөлүп, тиешелүү көнүгүүлөрдү жасатат.

Үйдөн баланын сүйлөгөнүн кунт коюп угуп, кайсы учурда “р” тыбышы  айтылбай турганын байкагыла. Көпчүлүк учурда “р”ди кекиртеги менен айтышат. Эл арасында андайларды чулдур дешет. Айрымдар оозунун капталы менен айтат, анда “Рль” же “Хг” деп угулат. Кээ бир балдар “р” тыбышынын ордуна: Л, Й, Ы, Г, В тыбыштарын колдонушат.

Тыбыштарды так айтууга үйрөтүүнүн эң эффективдүү ыкмасы артикуляциялык гимнастика. Артикуляция – бул сүйлөө органдарынын кыймылын сүйлөө учурунда координациялоо, башкаруу. Ал чайноочу, жутуучу, мимикалык, дем алуучу булчуңдар менен байланыштуу. Мындай гимнастиканын бири жөнүндө азыр айтып берем.

Көнүгүүнүн аталышы: Кимдин тиши таза?

Көнугүүнүн максаты тилди өйдө көтөрүү жана аны башкарууга үйрөнүү.

Оозду чоң ачып, тилдин учу менен үстүңкү тиштерди ички тарабынан “тазалагыла”. Тил менен ар бир тиштин түбүн “тазалап” жаткандай аракет кылып, оңдон-солго, солдон-оңго жылдыруу керек.

Көңүл бургула! Тилдин учу сыртка чыкпасын, ичин көздөй буралып калбасын. Тил тиштин түбүнө тийип турушу керек. Жаактын ылдый жагы кыймылсыз болуп, тил гана кыймылдасын.

Көнүгүүлөрдү аткаруунун негизги шарттары:

  • Күндө 15 мүнөттөн көнүгүүнү жасоо керек. Ооба, бул узак убакытты, чыдамдуулукту талап кылат.
  • Бала менен көнүгүүнү аткарардан мурун өзүңөр жасап, үйрөнүп алгыла.
  • Баланын алдына күзгү коюп койгула. Күзгү менен көнүгүүнү аткаруу кыйла жеңил.
  • Көнүгүүлөрдү жасап баштагандан мурун, балага артикуляциялык органдар тууралуу айтып берип, аттарын атап, кайсынысы кайда жайгашканын түшүндүрүп берүү зарыл.
  • Ар бир көнүгүүнү алгач жай аткарып, кийин улам тездетүү керек.
  • Бала дароо жасай албаса, урушпагыла.
  • Ар бир машыгуусун кызыктуу өткөргүлө, кааласа өзү жакшы көргөн оюнчуктарын жанына алып алсын.

Эсиңизде болсун, ар бир бала индивидуалдуу өнүгөт.

Логопедке жазылуу үчүн: 0556 825 961; 0557 900 940 номерлери аркылуу байланышыңыз.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жолдошум кыздыгымды алалбай койду. Жаш келиндин баяны

Жолдошум кыздыгымды алалбай койду. Жаш келиндин баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.