Саламатсыздарбы! Суранам мага дарыгерден кеңеш алып бересизби. Биз Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жашайбыз. Менин кызым 11 айлык, кызымдын ичи 9 айынан бери өтүп келет. Эки ай арасында эки жолу жергиликтүү ооруканада дарыландык, бирок ичи айыкпай жатат. Ичи курулдайт, анан уктаганда жону тердей берет. Түнкүсүн эки жолу жонун кургактайм. Кайын энем «ашказаны ооруп ошондон ичи өтүп жатат» дейт. Мага кеңешиңиз керек, тооктун шорпосун анан башка эттерден кайнатма тамактарды жегиси келбей калды. Башка тамак жедирсем эртеси ичи кайра өтүп жатат. Салмагы да түшүп кетти.







