AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кызымды кандай сеп менен узатарымды уккан кудам катуу кучактады

Кызымды кандай сеп менен узатарымды уккан кудам катуу кучактады

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир атанын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен атамын! Балалуу болгондон бери бул сөздү күн сайын миң жолу кайталайм. Жумуштан чарчасам же жалкоолугум кармаса, “Стоп! Мен атамын!” деп өзүмө эскертип турам. Мойнумдагы жоопкерчилик оор болсо дагы бирөөгө арта салып качып кетпейм. Өмүрүмдүн аягына чейин ал жоопкерчиликти көтөрүп жүрүүгө даярмын. Мейли белим бүкүрөйүп, далым талысын. Мотурайган алты балам үчүн баарына даярмын.  

Көптөр эс алсаң боло дешет. Жок! Мен эс албайм. Эгер эс алсам балдарым зымырап өнүгүп жаткан замандан артта калып калат.

Балдарым билим алышы керек! Балдарым дүйнөнү кыдырышы керек! Балдарым бактылуу болушу керек! Бул үчүн апасы экөөбүз колубуздан келген нерсени жасайбыз. Андан ары алып кетүү өздөрүнөн көз каранды.

— Ата

— Оу, берекем.

— Эгер окубайм, базарда бут кийим оңдоп иштейм десем эмне кылат элеңиз.

— Бир суроо бермекмин.

— Кандай суроо?

— Сен ошондо бактылуу болмок белең?

— Мисалы, ооба деп жооп бердим дейли.

— Сенин бактылуу болгонуңду көрсөм ыраазымын, мага баарынан ошол маанилүү.

— Ата, мен сени жакшы көрөм, билесиң да э?

— Билем, берекем.

Алтоо күн сайын ар кандай суроолорду беришет. Апасы экөөбүз эринбей отуруп жооп беребиз. Боорубузду эзип жашарткан, ойго салып карыткан ушул алтоо. Ата-энелерде бир сонун мүмкүнчүлүк бар: балдары менен балалыгына кайра кайтып бара балат.

Балаң менен көлчүккө секирип, көпөлөк кармап, кар киши жасап, тоодон тоголонсоң эч ким эч нерсе дей албайт. Балдарыңар чоңойгуча бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калгыла!

Жүрөгүмдү ооруткан бир окуя менен бөлүшүп кетким келди. Эки кызымды өздөрү каалаган чет тилдер курсуна жаздырып, анын урматына балмуздак жеп келатканбыз. Алдыман эски таанышым чыкты. Кайдан келатканыбызды айтсам, «кыздарга билимдин кереги эмне, булар күйөөгө тийип үйдө отурушу керек”,-деди. Ошол маалда болгон күчүм менен ачуумду басып, “сенин кыздарың барбы”,-десем, башын ийкеди. “Ата, катары өз колуң менен канаттарын кесип коюпсуң. Кыздарыңа боорум ооруйт. Мен анте албайм. Кыз же уул деп бөлбөйм. Жубайым экөөбүз балдарыбызды үйдө отурууга эмес, билим алууга болгон умтулуусун колдойбуз”,-деп басып кеттим. Кызым артын карап, “ата, тиги байке, дале ойлонуп турат”,-деди. “Ойлонсун кызым”,- деп чачын сыладым.

Чет өлкөдө жүргөн улуу кызым жакында келерин, сүйүктүүсүнө турмушка чыгарын айтты. Апасы экөөбүз скайптан билгизбегени менен, түнкүсүн жууркандын алдына жашынып ыйладык. 

Сөйкө салганы куда түшүп келишти. Шакылдаган бир жеңеси сеп маселесин козгоп калды.

— Кызыңызды кандай сеп менен узатасыз? Бул жагынан кеп кылбайсызбы.

— Кызым дүйнөдөгү эң кымбат сеп менен кетет.

— Ал эмне болду экен?

— Билим.

Кудам ордунан туруп, жаныма келди. “Сиздей адам менен куда болуу мен үчүн сыймык!” – деп, колумду бекем кысып, кучактады. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

«Мачо» жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Башкы прокуратуранын сайтында кандай маалыматттар бар? Анализ

Башкы прокуратуранын сайтында кандай маалыматттар бар? Анализ

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.