AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кызыма 135 000 сом коротом десем

Кызыма 135 000 сом коротом десем, анын баары бир күйөөгө тиерин айтышат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир атанын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Көп жашап, көптү көрбөсөм да, коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөр мени ойго салат. Айрыкча аялзатына болуп жаткан мамилени көрүп, кыздуу болуудан коркосуң. Өзүңөр түшүнгөндөй, бүгүн силерге кызым жөнүндө айтып берүүнү чечтим. 

Кызым төрөлгөндө болгону 25те элем. Ал күн дале эсимде. 2013-жыл, 14-сентябрь, түнкү саат 23:00төр чамасы. Келинчегимдин толгоосу башталды. Кычашып машинам жок. Досумду чакырдым. Мен, апам, келинчегим болуп төрөт үйүнө бардык. Келинчегимдин абалы бир аз кооптуу экен деп алып калышты. Бизди үйгө бара бергиле деди. Мен болсо кетпей, төрөт үйүнүн алдында ойго батып отурдум. 

Баары жакшы болсо экен. Келинчегим көп кыйналбаса экен. Апам ойлонуп кабатыр болбосо экен. 

Ошентип, 2013-жылдын 15-сентябрында кыздуу болгонумду кабарлашты. Кубанычым койнума батпай, тааныган адамдардын баарына сүйүнчүлөп чыктым. Чуркап баратам. Жүрөгүм толкунданып чыгып кетчүдюөй согот. Аялымдын жанына кирдим. Байкушум, спорт залда бир канча адам менен алышкандай эле абалда экен. Көз жашым сыртынан эмес, ичинен агып жатты. Кызыбызды жарык дүйнөгө алып келүү үчүн күрөштү. Бул үчүн өмүр бою ыраазымын. Өзүм тамак берем деп, келинчегимди тамактандырдым.

Бойтойгон колдору, куурчактыкындай тырмактары, оозу, мурду… Менин эле көчүрмөм. Көрүп алып өзүмдү коерго жер таппайм. Суктанып карадым. Мен сага татыктуу тарбия берем, колуман келгенче мыкты инсан болушуңа аракет кылам. Ичимен ниет кылып, кызыма сөз бердим. Мен ата болдум! 

Билесиңерби достор, кыз атасына мээримдүү болот экен. Андыктан, биз аталар ал мээримди актаганга аракет кылалы. Мага өтө жакын. Жанымдан чыкпайт. Командировкага кетсем ал мени, мен аны сагынам. Түшүмө чейин кирет. Жадакалса, мектептен келгиче сагынып кетем. Бой жеткен сайын кооптоном. Бүт жамандыктарды өзүмө алып, аны коргоп эле тургум келет. 

Бүгүнкү күндө тапкан акчамдын дээрлик көп бөлүгүн кызымдын мектебине коротом (1600 доллар). Ал болгону 2-класста окуйт. Кызыма канча короторумду уккандар таң калып, «кызга дагы ушунча коротосуңбу», «күйөөгө чыгып кетет», «андан көрө уулуңа сарпта» ж.б дешет. Эх… Эмнеге минтишет?

Менин кызым келечекте дарыгер болорун айтат. Алтыным десе, тилегиң ишке ашсын. Сен дарыгер болуп, кыялдарыңды ишке ашырсаң атаң сүйүнөт. Балким, жыл өткөн сайын өзгөрүп, башка кесиптин ээсин тандап каласың. Анда деле, атаң сүйүнөт. Болгону, сен капа болбо, ыйлаба, тек гана күлүп жүр. 

Кыз болсо эмне экен? Ал дагы адам, билим алууга, өз жашоосу менен жашаганга, бактылуу болгонго укугу бар. Мен кызымды ушундай жакшы көрөм дейсиңер, сөз менен айтып бере албайм. «Ата» деген сөзү эле канча турат. Мени караган мээримдүү көздөрү үчүн баарына даярмын. 

Тапкан акчаларыбызга жакшы машина, жакшы кийимдерди алсак болот. Бирок бул нерселер убактылуу. Эгер балаң илимдүү болсо, бул чоң байлык эмеспи достор. Өзүм жакшы мектептерде окуган эмесмин. Ошон үчүн балдарым жакшы мектепте окушат деп кыялданчумун. Мына тилегим ишке ашып жатат.

Келгиле балдарыбызды уул же кыз деп бөлбөй, таткытуу тарбия берип, билимдүү кылып өстүрөлү. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, «окутам» деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мерез жүрөгүмдү эмес

Мерез жүрөгүмдү эмес, мерез мүнөзүмдү кечир!

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.