Саламатсызбы. Мен 41 жаштамын. Эки уулум, эки кызым, бир неберем бар. Жолдошум менен 25 жыл бир жашап келебиз, бирок ушунча жылдан бери ал бир да жолу мага ыраазы болбоду. Ар дайым өзүнүн бир туугандарына болушат, кандай кырдаал болбосун мени күнөөлөйт. Жолдошуман коркпой айтышып, по факту урушам.
Эми жолдошум эле эмес, балдарым да мени күнөөлөй турган болушту. Негизи, балдарым мени аябай кыйнашты, “сиз бизге мээрим берген эмессиз” деп көп айтышат. Бирок мен ушунча жылдан бери балдарым, үй-бүлөм деп жашап келгем. Өзүм жебегенди балдарыма берип, өзүм кийбегенди балдарыма кийгиздим. Ошентсем да сиз күнөөлүсүз, сиздин “характериңиз” жаман, деп айтышат. Керек болсо кичүү уулум да ошентет.
Эс тутумум начарлап калды, кылган нерсемди унутуп коем. Кызым, “сизде старческий моразм” дейт.
Мен чын эле ушунчалык жаманмынбы, деп коркуп кетем. Кээде жөн эле үйдөн чыгып, жок болуп кетким келет. Жашоодон тажадым. Мага кеңеш берип койгулачы, балким чын эле менден ката кетип жатат? Бул акыбалдан кантип чыгам?







