AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кызым менен сабак даярдагандан кийин аялыма болгон сыйым күчөдү

Кызым менен сабак даярдагандан кийин аялыма болгон сыйым күчөдү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Ата, бул дагы бар.

— Дагыбы?

— Ооба.

— Мен азыр эшикке чыгып келейин, сен өзүң жасап тур.

— Мен түшүнгөн жокмун.

— Мен азыр келем.

Сыртка чыгып алып таза абадан терең дем алдым. Ары-бери бастым. Ыйлагым келип чыкты. Үчүнчү класстарга дагы ушундай кыйын тапшырма береби?

Аялым айылга туугандарына кеткен. Кызым менен бир жумага калгам. Бир жуманын беш күнү сабак даярдоо менен өтөт. Бул тозоктун тозогу экен. 

Мектепте өткөн бардык материалдарымды эстедим. Кызыма атасы үчкө окуганын айткым келбеди. Билем деп коюп, интернетти чукулайм. Ар дайым беш-төрткө окуган кызым, баягыда мен үчун үч алып келди. Ыйлады. Алаксытып пицца алып бердим. Аялым билсе экөөбүз тең аман калбайбыз.

Жумуштан келсем аялым экөө тапшырма жасап отурган болот. Сырттан караган адамга жеңил көрүнөт деген чын экен. Аялым «чарчадым, мээм ооруп чыкты» десе, «жаш баланын тапшырмасын чыгара албайсыңбы» деп күлөт элем. Мына, минтип өз башыма түштү.

— Ата точно тууурабы?

— Туура эле, мага ишенбейсиңби?

— Жок ишенбейм, баягыда үч алдым го…

— Туура кызым, мына беш аласың.

Чын эле беш алып келди. Кызыма кошулуп мен сүйүндүм. Мээм иштейт экен дедим (күлүп). Бирок күндөлүгүндөгү тиги үч баарын бузуп жатат да.

Аялыма болгон сыйым өстү. Чын. Бала менен отуруу, аны менне бирге тапшырма даярдоо тозок экен. Бекеринен нервденип бакырбайт туура. 

Кечинде аялым келди. Айылдан толтура нерселерди алып келиптир. Чогуу тамактанып отуруп ага бир идея айттым.

— Кел, кезектешип тапшырма даярдайлы?

— Сага эмне болгон? 

— Үч алып калдым. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Айтматовдун гүл жегенин билбесеңиз

Айтматовдун гүл жегенин билбесеңиз, бул фактыларды окуп чыгыңыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.