AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кызыл

Кызыл, сары, жашыл, кара… Заңдын өңү эмнени билдирет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Теманы окуп алып, дароо эле оюңузга аты жаман оорулар келбесин. Заңдын өңү эки нерседен көз каранды: жеген тамактан болушу мүмкүн же ден соолукка байланыштуу көйгөйлөрдү көрсөтүшү мүмкүн. Ал эми кандай түс норма жана качан дарыгерге кайрылуу керек экенин азыр айтып беребиз. 

Ачык түс

Бул деген, мурунку күнү картошка же күрүч көп жегениңизди билдирет. Ошондой эле ичтин өтүүсүн токтотуу үчүн дары ичкен болсоңуз, заңдын өңү ачык түстүү болуп калышы ыктымал. 

Башка жагынан алганда, өт жакшы иштебей, анын натыйжасында төмөнкү  оорулардын пайда болуп жатканынан кабар берет, мисалы:

  • холецистит;
  • панкреатит;
  • гепатит;
  • өттөгү же өт жолдорундагы таштар;
  • рактын же боордун циррозунун өнүгүшү.

Кызыл түс

Бир күн мурун  кызылча, помидор, дарбыз жана башка ушул сыяктуу тамак жеген болсоңуз, анда заңдын өңү боелуп калат. 

Башка учурларда, төмөнкүлөрдү билдириши мүмкүн:

  • калий таблеткаларын же башка дарыларды ичүүдөн улам пайда болгон кан агуу;
  • геморрой жана анус көңдөйүндөгү жаракалар;
  • ичегинин сезгенүүсү;
  • жоон ичегинин ишинин бузулушу
  • жоон ичеги рагы;
  • ичеги инфекциялары.

Сары түс

Заңдын сары, ачык сары түсү мындай оорулардан кабар бериши мүмкүн:

  • уйку безиндеги көйгөй;
  • жоон ичегидеги тамак-аштын сапатсыз сиңирилиши.

Жашыл түс

Заңдын түсү жашыл болуп баштаса:

  • ичеги -карын оорулары;
  • дисбактериоз;
  • антибиотиктердин айрым топторун кабыл алуу;
  • дизентерия;
  • ашказан жаралары:
  • ашказан -ичеги жолдорунун залалдуу шишиктери.

Кара түс

Мурунку күнү активдештирилген көмүр, курамында темир бар дарыларды ичкен болсоңуз, анда коркунуч жок. Бирок, бул оорулардан дагы кабар бериши мүмкүн:

  • спирт ичимдиктерин көп колдонуу;
  • кээ бир дарыларды колдонуу;
  • гастрит;
  • он эки эли ичегинин жана ашказандын жарасы;
  • жоон ичеги рагы.

Мурда чоңго нормалдуу эле барсаңыз, күтүлбөгөн жерден эле ичиңиз катып же  өтсө, анда тезинен гастроэнтерологго кайрылыңыз. Мындай өзгөрүүлөр өтө олуттуу оорулардын, анын ичинде ичеги рагынын симптомдору болушу мүмкүн.

Белгилер: Ооруба
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Бул 6 себеп жаңы төрөлгөн бала эмне үчүн ыйлап жатканын билдирет

Бул 6 себеп жаңы төрөлгөн бала эмне үчүн ыйлап жатканын билдирет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.