AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кызыл көйнөкчөн келин...

Кызыл көйнөкчөн келин…

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ.
Ооруканада жатканындагы көргөн бир түшү эсинен кетпейт. Бирде түшүндө эмес эле өңүндө болгонсуйт. «Эми жакшы болуп калдым, мына чыгам ана чыгам» деп турган күндөрү болчу. Таңга жуук ойгонуп кетти. Саатын караса бештен он минут өтүптүр. «Эрте экен» деп кайра үргүлөп баратканда эшик кыйч ачылып, атасы кирип келди. Атасынын дүйнөдөн кайтканына 20 жылдан ашып калган. Ал сакалы жайкалган кызыл жүздүү, дайым күлүп-жайнап жүргөн шайыр киши эле, жүдөп, оролгон ак кепининин ар жери күйүп калыптыр. Босогодо кичине туруп калды да, анан акырын басып келип, баласынын жанындагы орундукка отурду. Жүрөгү лакылдап чыккан берки: «Ата сиз кайдан жүрөсүз?» — деди. — Ай, уулум ай, сени кайсыл шайтан жолдон адаштырганда, жаман ишке бардың экен? — Кандай жаман иш, ата? — Баягы мүрзөлөрдүн арасына өлтүрүп таштаган келинчи? Беркинин жүрөгү кысылып, кыйнала баштады. — Аны сиз кайдан билесиз? — Билем балам. Билгенимден ушинтип өрттөнүп жүрбөймүнбү. Энең да билет. (Энеси да 15 жылча мурун каза болгон эле). Ал байкуш таптакыр күйүп кетти, сени «коргойм» деп жүрүп. «Жаным аман калды» деп кубанып жатасың. Кубанба балам. Андан көрө Кудай жолуна түшүп, күнөөңдү жууштун жолун изде. Ооруканадан чыккандан кийин сени тозок күтүп турат. Өлүүлөрдүн тозогунан тирүүнүн тозогу кыйын болот. Сага тирүүнүн тозогун даярдашууда. Тилимди ал, күнөөңдү жууштун жолун изде. Ооруканадан чыгаарың менен аракет кыл. Кийин, кеч болуп калат. Аңгыча терезелер шарт ачылып, кызыл куюн пайда боло калды да, атасы куюнга сорулуп, терезеден чыгып кетти. Учуп баратканда да бир нерселерди сүйлөп баратты, бирок анысын уга албады. …
….Ойгонсо, чын эле терезе ачылып, желге чайкалып турган экен. Кечинде жакшы эле жаап жатышкан. Чекесинен муздак тер чыгып, температурасы көтөрүлүп калыптыр. Жанында жаткандардын бири ойгонуп кетип: — «Эмне болду, кыйналып жатасыңбы?» — деди эле кыңкыстагандан башка жооп бере албады. Тигил туруп, медсестраны чакырып келди. Медсестра аял температурасы көтөрүлүп кеткенин көрүп коркуп кетти, жүгүрүп чыгып, кезектеги врачты чакырып келди. Врач көрүп чыгып: — «Эмне муздак суу ичтиңизби, же шамалдап калдыңызбы? » — деп көндүм суроолорун берип кирди. Ийне сайып, дары берип жатып, араң калыбына келтиришти. Мына ушул окуядан кийин ооруканадан чыккандан коркуп жүрдү. Атасы келген түш, басса-турса эсинен чыкпады. Бир жолу ары жакка барып, кайра келгенден кийин жан таттуу болуп калдыбы, атасынын тилин алып, өз күнөөсүн жоюунун жолун издейт. Бирок, таба албады. «Өз жанымды кыйсамбы?» дейт. Жашагысы келди. Жашоонун ушунчалык таттуу экенин чындап сезди. Кеп, ойноп-күлүп эле көңүл ачышта эмес, күндө бир келин-кыз менен болуп, чер жазышта эмес, жөн гана бутуң басып, оозуң сүйлөп, тынч тиричилик кылуунун өзү ырахат экенин сезди. Жеке баамында жыргалчылыкты күндө бир аял менен болууга өтө байланыштырып жибергенин сезди. Ал түгүл кимдер менен болгонун, жашын, кыз же келин экенинен бери тизмелеп жазган блокноту боло турган. Жакын жолдошторуна көрсөтүп, мактанып: «Көрдүңбү, эки жүздөн ашып калды. 50гө чыккыча 400гө жеткизсем Чынгызхандан ашам. Согушсуз эле катынпоз боюнча Чынгызхандан өтүп кетпесемби» деп каткырып калчу. Айрым достору ага атаандашууга аракет кылса, айрымдары жөн гана уга жүргөн кептери катары ишенип-ишенбей, кол шилтеп коюшчу. Ошондой уу-дуу турмуштун шарданында «өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төрүмө илем» деп жүргөн кезде эмне гана ишштерди жасабады, нелер гана башынан өтпөдү. Далай оор жагдайлардан да «кылт» этип эбин таап, кутулуп кеткенин эрдик катары баалап, өзүн-өзү «жигиттин жигитимин, сууга салса да кургак чыгам» деп жүрдү. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй «Урунарга тоо, урушарга жоо таппай» турган ошондой күндөрдө, кызыл көйнөкчөн келинге жолуккан. Өткөндө атасы келип, түшүндө эскертип кеткен окуя ошол жылдарда болгон. Андан бери арадан «жылт» этип он жети жыл өтүптүр. Баары эсинен чыгып, унут болуп калган. Эми минтип кайра баарын эстөөгө тагдыр аргасыз кылып отурат. (уландысы бар)

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөмдүн бир сөзү

Күйөөмдүн бир сөзү, жашоомду өзгөрттү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.