AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кызыл

Кызыл, ак, сары, жашыл… Жыныс кынынан келген «выделения» түсү эмнени билдирет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жыныс кынынан чыккан нормалдуу «выделения» организмдин туура иштеп жатканынан кабар берет. Тактап айтканда, дене жыныс кынын ашыкча микробдордон, өлүк клеткалардан, таштандыдан тазалап жана коргоо үчүн бөлүп чыгарат. Мисалы, сексуалдык дүүлүгүү жана овуляция учурунда «выделения» көбөйүшү нормалдуу көрүнүш. Ал эми жагымсыз жыты бар, ар кандай түстөгү «выделения» келе баштаса, кабатыр болууга негиз бар. 

Кызыл 

Кызыл түстөгү «выделения» ачык кызылдан баштап, кара кызылга чейин өзгөрүшү мүмкүн. Кызыл «выделения» көбүнчө этек кир учурунда келген кандын натыйжасы болуп саналат.

Этек кир орточо эсеп менен ар бир 28 күндө бир келет, кээде 21-35 күндө бир келиши мүмкүн (мындан өтүп кетсе гинекологго баруу керек). Узактыгы ар кимдики ар кандай, орточо эсеп менен 3-5 күнгө созулат.

Эгерде этек кири баштала электе, айталы ортосунда кызыл түстөгү «выделения» кан келсе, дарыгерге кайрылуу керек. Бул кээде олуттуу медициналык абалдын белгиси болушу мүмкүн.

Ак 

Ак түстөгү «выделения» крем сыяктуу же ачык сары сымал болушу мүмкүн. Эгерде адамда олуттуу симптомдор жок болсо, анда ак түстөгү «выделения» — жөн эле «смазканын» белгиси. Эгерде ак түстөгү «выделения» быштак сымал болсо же жагымсыз жыт менен коштолсо, анда бул инфекцияны көрсөтүшү мүмкүн. Бул учурда дароо гинекологго чуркаш керек. Ошондой эле, коюу, ак, жыты ушунчалык жагымсыз «выделения» грибок инфекциясынан кабар берет, ал кычыштырат же ачыштырат.

Сары жашыл

Сары, саргыч жашыл же жашыл түстөрдөгү «выделения» көбүнчө бактериялык же жыныстык жол менен жугуучу инфекциядан кабар берет. Эгерде сиздин кыныңыздан келген «выделения» коюланып, топтошулуп же жагымсыз жыт менен чыкса, дароо дарыгерге кайрылыңыз.

«Розовый»

«Выделения» ачык же кочкул «розовый» болушу мүмкүн. Адатта бир аз кан аралашкан болот. Бул түстөгү «выделения» көбүнчө этек кирдин алдында былжыраган сымал болуп келет. Бирок, ошол эле учурда кош бойлуулуктун алгачкы мезгилиндеги кан агуунун белгиси болушу мүмкүн. Кээ бир адамдарда овуляциядан кийин келиши мүмкүн. Бул учурда коркунуч жок. Эгерде жыныстык катнаш учурунда жыныс кынында жаракаттар пайда болсо дагы «розовый выделения» агат.

«Прозрачный»

Көпчүлүк учурда нормалдуу «выделения» тунук же ак түстө болот. Бул жылмакай  же жумуртканын агы сыяктуу болушу мүмкүн. Овуляциянын алдында, сексуалдык дүүлүгүүдө жана кош бойлуу кезинде ачыгыраак, жылмакай «выделения» көбүрөөк келет.

Боз

Боз түстөгү «выделения» келсе кооптонууга негиз бар жана бактериялык вагиноз деп аталган жалпы бактериялык инфекциянын симптому болушу мүмкүн. Тезинен дарыгерге кайрылуу кажет.

Кандай болгон күдөн дагы «выделения» келсе, гинекологго же урологго барып бир көрүнүп коюу керек. Ооруну убагында дарыласа, бат жоголот.

Белгилер: Ооруба
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Декретте отурганда акылдан айнып кетпеш үчүн 4 кеңеш

Декретте отурганда акылдан айнып кетпеш үчүн 4 кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.