AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыздыкты калыбына келтирүү боюнча операция. Ал кандай болот жана канча сом турат

Кыздыкты калыбына келтирүү боюнча операция. Ал кандай болот жана канча сом турат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Массалык маалымат каражаттарындагы маалыматтарга ылайык, гименопластиканы расмий түрдө биринчи жолу 1962-жылы медициналык клиникада, италиялык гинеколог Бернулли өз кызына жасаган. Ошондон бери бул жөнөкөй процедура дүйнө боюнча жасала баштаган. Тилекке каршы, гименопластика кыздык тазалыктын бир критерийи катары каралган жана анын жоктугу кыздын өмүрүн бузууга мүмкүн болгон өлкөлөрдө өзгөчө популярдуу.

Бул процедура тууралуу атын атагысы келбеген Nova Clinic медициналык борборунун дарыгери айтып берди.  

— Гименопластика деген эмне?

— Бул жабыркаган кыздыкты калыбына келтирүү боюнча операция.

— Операция Кыргызстанда канчалык популярдуу?

Канчалык популярдуу экенин айта албайм. Бирок бул кеңири таркаган процедура болуп саналат.

— Кандай түрлөрү бар?

— Кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү түрлөрү бар.

— Алар бири-биринен эмнеси менен айрымаланат?

Убакыт. Кыска мөөнөттүү операциянын таасири бир-эки күнгө жетет. Узак мөөнөттүү операциянын жыйынтыгы – кыздык белги жабыркаганга чейин сакталат.

— Ошондо, калыбына келтирилген чел кабык бир нече жыл бою сактала алабы?

— Ооба. Мүмкүн.  

— Процедура кандай өтөт?

— Жергиликтүү анестезия менен. Операция учурунда сакталып калган ткандардын баары, максималдуу түрдө калыбына келтирилип, таркап кетүүчү (рассасывающимися) жиптер менен тигилет. Кыска мөөнөттүү операцияда жиптер бир-эки күндө жок болот. Адатта, мындай операция үйлөнүү тойго же биринчи нике түнгө бир нече күн калганда жасалат. Тигилиштер көрүнбөйт, жыныстык катнашта алар жөн гана үзүлүп кетет.

Тактап айтканда, жиптер операциянын эки түрүндө тең өзүнөн-өзү жок болуп кетет, болгону операциянын техникасы ар кандай. Биринчи учурда – калыбына келтирилген чел кабык жиптердин эсебинен кармалып турса, экинчи учурда – алгач жиптин, кийин өсүп жана пайда болгон тырык ткандарынын (рубцовая ткань) эсебинен кармалат.

— Операцияны жасоо үчүн кандайдыр бир каршы көрсөтмө барбы?

— Каршы көрсөтмө стандартуу эле: ар кандай сезгенүүлөр, оорулар (алардын жоктугун тастыктаган маалымкат көрсөтүү зарыл). Жаш курак боюнча чектөө бар (40 жаштан кийин гименапластика жасатууну каалаган бейтап болбосо керек). Ошондой эле, эки-үч төрөттөн кийин чел кабыкты калыбына келтирүүгө аракет жасоонун эч кандай маанси жок.

— Демек, сизге көбүнчө жаш кыздар кайрылат экен да?

— Ооба, көбүрөөк… Билесизби, кырдаалдар ар кандай: жаракат алуу, тилекке каршы жашообузда зордуктоо да болот. Ийгиликсиз никелер да бар: 3-4 ай жашап ажырашып кеткендер. Кыздардын өзүнө бул операция кереги жок. Бул көбүнчө алардын келечектеги күйөөлөрү үчүн жасалат.

— Демек, учурдагы гендердик стереотиптерден улам эркек ар дайым  биринчи болууну каалайт, ошондуктан кыздар гименопластика жасатууга барышабы?

— Ооба.

— Бул операциядан кийин татаалдашуу (осложнение) болобу?

— Татаалдашуу болот. Тилекке каршы, тигиштин ажырап кетүүсү көп учурайт. Мунун себеби дарыгер айткан элементардуу нерселерди аткарбоо. Кыздар кээде биздин кеңештерди укпайт. Сунуштарды аткарууга сөз беришет, кетишет, унутушат. Мисалы, оор физикалык жумуштан алыс болуу зарыл. Операциядан кийин жок дегенде эки жума өтүп, жарат айыккыча, чуркабай, секирбей, тыкыс жана кууш ич кийим кийбеш керек. Ошондой эле, узак убакыт бою бир жерде отурган болбойт. Бутту кайчылаштырып отурууга да болбойт. Булар майда-чүйдө көрүнгөнү менен, айыгууга таасирин тийгизет. Ткандар назик келет, туура эмес кыймыл-араткеттен улам тигиштер ажырап кетет.

— Бейтаптардын кайра кайрылган учурлары болду беле?

— Тигиштер ажырап кеткенде гана бейтаптар кайра келишет.

— Гименопластика канча турат?

Операция өтө кымбат эмес. 50 $дан  — 150 $га чейин, баары техникадан көз каранды.

Эскертүү! Редакция мындай операцияны жарнамалабайт жана пропагандалабайт. Тескерисинче, өспүрүмдөргө жыныстык билим берүү зарылчылыгын белгилейт. Аялдарга жана кыздарга карата кодулоого каршы.

Маалымат kaktus.media сайтынан алынды

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Адамдын көркү — акыл" деген макалдын орусчасын билесизби? Тесттен өтүңүз

"Адамдын көркү — акыл" деген макалдын орусчасын билесизби? Тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.