AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыздык белги маанилүү эмес дедим. Сүйгөнү 13 жашында зордукталган жигиттин каты

Кыздык белги маанилүү эмес дедим. Сүйгөнү 13 жашында зордукталган жигиттин каты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга жаш жигит кат жөнөтүп, сүйлөшкөн кызынын башынан өткөргөндөрүн баяндап берди. Анын айткандарына караганда кызын 13 жашында зордуктап кетишкен.

“Кеңешиңерге муктажмын” деп сөзүн башаган жигит буларга токтолду.

“Бир кыз менен сүйлөшүп жүрөм. Ал 15те. Бир күнү кыздык белгиси жок экенин, мындан эки жыл мурун өзүнөн 3-4 жаш улуу бала зордуктап койгонун айтты. Кармана албай, өзүн жемелеп, жашоосу бузулганын айтып ыйлап кирди. Эң негизгиси кыздык белги эмес деп колдоп жатам.«

Катта сүйлөшкөн кызынын ата-энеси менен болгон мамилеси начар экени айтылат. Ошондой эле, кыз бул окуя тууралуу апасына айткандан тартынат экен.

“Ата-энеси кичине чагында ажырашып кетиптир. Апасы көп убакыт жумушта болгондуктан, экөөнүн ортосундагы мамиле анча эмес. Зордуктаган бала, “туугандарына айтам” деп коркутуп коюптур. Сүйлөшкөн кызым ошол бойдон эч кимге үн катпай жүрө бериптир. Ата-энесине билдирбей бул ишке кылмыш ишин козгосо болобу? Анткени ал туугандарынан ажырап каламбы деп коркот. Мен эмне кылышым керек?”

«Справедливость» укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Раимжанов кылмышкерди жоопко тартса болоорун белгиледи.

— Мындай кылмыш иштеринде анонимдүүлүк болбойт. Анткени, кыздын жашы жете элек болгондуктан, анын мыйзамдуу өкүлү, тактап айтканда апасы дагы тартылат. Туугандарына билдирбей койсо болот, бирок апасына ачык айтуу керек. Бизде күбөлөрдү коргоо мыйзамы бар. Эгер кызга кылмыш жасаган адам жактан коркунуч туулса, анда ал арыз жазып, ошол мыйзамдын негизинде коргоого алынат.

Кылмыш ишин козгоого токтолсок. Жабырлануучунун кыздык белгиси жок экендиги тууралуу далилдер кандай тартипте аныктала турганын тергөө органдары чечет. Ортодон бир аз убакыт өткөндүгү кылмыш кылган адамдын пайдасына жүрүп калышы мүмкүн. Анткени кылмыштын белгилери жоголуп кеткен. Так ошол бала кылгандыгын аныктоо бир аз кыйынга турат. Бирок, ал адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мөөнөт бүтө элек. Андыктан, тезинен арыз жазып укук коргоо органдарына кайрылуу зарыл.

Психолог Периза Асылбаева сексуалдык зомбулук өтө оор кылмыштардын бирине кирерин, бул кылмыш жабырланучуунун өмүрүнө, кадыр-баркына, ден соолугуна  терс таасирин калтырып, жашы жетелек балдарга өзгөчө зыян экенин билдирди. 

— Зордуктоо учурунда жабырланучуу адам катуу стресске кабылат. Стресс учурунда адам туура чечим чыгаралбайт, анткени мээ толугу менен реакция берүүгө даярдыгы жок болот. Качан окуя, кырсык өткөндөн кийин, зомбулуктан жабыркаган адам эмне болгонун ойлоно баштайт дагы, анан терс, жалган ойлорго кабылат. Мисалы, «Мен эмнеге каршылык көргөзгөн жокмун?! Эмнеге мени менен ушул окуя болду?! Мен өзүм күнөөлүмүн», -деп өзүн күнөөлөп, өзүнө гана ачууланып баштайт.  Жаш балдар, курактык өзгөчөлүгүнө байланыштуу, толугу менен түшүнбөй да калышы мүмкүн. Зөөкүрлөр ошондон пайдаланып, коркутушуп, жазадан качышат.

Психологдун айтымында кичине кезинде зордуктоого кабылган кыз же бала, кийин эси жетип,  түшүнүп калганда, кайрадан психикалык жаракат алышы мүмкүн. Анткени өткөн кырдаалдын кесепетин эми түшүнүп, кайрадан болуп өткөн окуяны эстеп, өзүнө болгон ишеними, баалоосу төмөндөп, чүнчүп кетет.

— Биринчиден сүйлөшкөн кызыңыздын көйгөйүн угуп, туура түшүнүп, кеңеш издегеңиз эң туура. Эми ал кызга өзүн күнөөлөгөн, жалган ойлору менен иштеш керек. «Бул кылмыш! Сага кол салган киши, кылмышкер деп эсептелет! Сен жабыркап калган тарапсың. Зомбулук болгонго зөөкүр жоопкерчиликтүү»,-деп, ишенимдүү тон менен айтсаңар болот. Экинчиден, ал кызга ачуулануусун чыгарганга жардам бергиле. Мисалы, ичинде болгон ойлору жана жинденүүсү менен зөөкүргө кат жазсын. Анан ал катты тытып, тепселеп, өрттөп салса бир аз жеңилдей түшөт. Үчүнчү кеңеш, өзүнө болгон ишенимин жогорулата турган сөздөрду айтып туруңуз. Мисалы, «Сен бактылуу болууга татыктуусуң! Сенин адамдык сапаттарың мен үчүн баалуу», деп айтсаңыз, сүйлөшкөн кызыңыз өзүнүн кадыр-баркын түшүнө баштайт, кайрадан өзүн сыйлап, ишеним сезиминин жогорулашына шарт түзүлөт.

Сөзүнүн аягында Перизат айым кызга кесипкөй жардам керек экенин, анткени психолог бир топ сеанс аркылуу реабилитация боло турганын айтып, эгер адис менен түз иштешүүгө шарты жок болсо, 111 ишеним телефонуна чалса болоорун кошумчалады.  

— 111 ишеним телефонго чалуу акысыз. Анан дагы эң жакшы реабилитациянын бири — бул кылмышкерди мыйзам түрүндө жазалоо. Ал үчүн юристке кайрылуу зарыл. Убакыт өтсө дагы, психологдун экспертизасы менен зомбулукту аныктоо  жана далилдөө үчүн кайрылса болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм келиниме тийишип, көзүмө чөп салса деле катуу сүйөм

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Акча которуу" тиркемесин жүктөп алып

"Акча которуу" тиркемесин жүктөп алып, Элкарт картасына заматта акча чегериңиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.