AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыздарым бир сындырым нанды мага калтырып коюп өздөрү ачка отуруптур

Кыздарым бир сындырым нанды мага калтырып коюп өздөрү ачка отуруптур

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир жаш атанын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Колумдагы миң сомду карап жалдырап туруп калдым

“Ата чай ичиңиз”, үйгө келсем кыздарым столго бир сындырым нан коюп, канты жок кара чай сунушту.

— Силер чай ичтиңерби? Курсагыңар токпу? Мындан башка нан жокпу?

— Жок, чай ичкен жокпуз.

— Мага калтырбай нанды жей бербейт белеңер.

— Биз жаңгак чагып жеп алдык. Сиз жей бериңиз.

— Алтындарым, берекелерим, козуларым, баарын түшүнгөн акылдууларым, жаман атаңар силерден кагылып кетсин.

Ошол учурдагы абалымды айтпасам деле түшүнүп турсаңар керек. Эки айдан бери жарытаарлык жумуш таба албай жүргөнүмө ыза болдум. “Үй-бүлөңдү бага албаган лохсуң” деп өзүмдү-өзүм жемеледим. Болгон күчүм менен бакыргым келди. Аттиң, анте албадым. Кыздарымдын чачынан салып, “мен азыр келем” деп оозумду кымтыган боюнча сыртка чыгып кеттим.

“Эже, билем карызым толтура. Бирок, тиги кантыңыздан, момпосуй, нан менен макаронуңуздан берип турбасаңыз болбойт. Колума тыйын тиери менен баарын төлөп кетем.” Көзүмө жаш толуп калтырап чыктым. Дүкөнчү Насийкат эже унчукпай сурагандарымды пакетке салып мага сунду. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла.

Үч кызым бар. Келинчегим шаарда, жүрөгү ооруп бейтапканада жатат. Тапканымдын баарын ага жөнөтөм. Байкушум, эне да, курсагыбыз ток, баары жакшы дегеним менен ишенбейт.

— Мен жакшы болуп калдым, дарыларымды токтотуп, үйгө бара берейин.

— Жок, толук дарыланасың! Качан дарыгер чыгасың дегенде, ошондо чыгасың. Жүрөгүң дагы кармап калса эмне болот? Бизди ойлосоң, жакшы көрсөң, анда дарылынып туруп келесиң!

— Макул. Кыздарыма берчи, үндөрүн угуп алайын.

— Эки эле единица калды, эртең салып, анан сен менен сүйлөштүрөм. Бизге кабатыр болбой, жакшылап укта, макулбу?

— Макул.

Жумуш издеп барбаган жерим калбады. Кыздарымдын курсагын кантем деп башымды жерге салып келатсам, дүкөнчү Насийкат эже бирөө менен сүйлөшүп туруптур. Мени көрө калып, колун булгалады. “Дагы карызын сурайт” деп, оор үшкүрүп жанына жөнөдүм.

— Бул жигит бригадир издеп жүрүптүр. Жаңылбасам, сен “стройкада” иштегенсиң, туурабы?

— Туура эже, туура.

— Анда экөөң сүйлөшүп алгыла.

— Эртең жумушка чыга аласызбы?

— Бүгүн деле чыга берем?

— Бүгүн кеч болуп калды байке, эртең бул дарек боюнча сизди күтөм. Ал эми бул аванс.

Кудай берет деген ушу экен да. Колумдагы миң сомду карап жалдырап туруп калдым. Анан дароо Насийкат эжеге сундум. “Карызыңды кийин төлөйсүң, буга кыздарыңа азык-түлүк алып бар”,-деп, албай түртүп койду.

Андан бери бир топ убакыт өттү. Кыйынчылыктардын баары артта калды. Азыр бир курулуш обьектисинде бригадирмин. Бүгүн айлык алдым. Ар нерсе көтөрүп алып келинчегим менен кыздарыма шашып баратам. Тамак ичпей мени күтүп отурушканын билем.

Ии баса, күн сайын көчөбүздүн башындагы Насийкат эженин дүкөнүнө кирип эженин акыбалын сурап, ыраазычылыгымды айткандан тажабайм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
ЗАГС алуу үчүн канча сом керек? Негизги 10 суроого жооптор

ЗАГС алуу үчүн канча сом керек? Негизги 10 суроого жооптор

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.