AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыздардын тагдырын талкалаган 4 стереотип

Кыздардын тагдырын талкалаган 4 стереотип

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Кыздардын жашоосуна терс таасир тийгизген стереотиптердин бир нечеси жөнүндө адистер ой бөлүшөт.

“Кыздын барар жери күйөө!”

Асель Суюнбаева, психолог

Өкүнүчтүүсү, биз кыздарыбызды үй-бүлөбүздүн толук кандуу мүчөсү катары кабыл албайбыз. Бул нерсени сүйлөгөн сөздөрүбүз тастыктап турат. Мисалы, “кыздын барар жери күйөө”, “чыккан кыз чийден сырткары” сыяктуу сөздөрдөн эле кыздарыбыздын коомдогу статусун билсек болот. Демек, кыздарды кичинесинен эле “сен биздин бүлө эмессиң”, “сен кете турган адамсың” деп көнүдүрүп келаткан болобуз. Анан кыздар “ооба, мен кетишим керек”, “мен бул үй-бүлөдө калчу адам эмесмин”, “булардан колдоо алганга акым жок” деген ойлор менен бой жетет.

Ошондой эле “барган жериңде калышың керек”, “бизди уят кылба” деген үй-бүлө, тактап айтканда кыз баласына мындай мамиле кылуу менен үй-бүлөсүнүн деңгээли кандай экенин көрсөтөт.

Бир жакшы жери азыркы тапта, кыздарга болгон мамиле аз да болсо өзгөрүп келатат. Анткени, кыздардын мүмкүнчүлүгү көп экенин ата-энелер түшүнө баштады: илимдерде бийиктиктерге жетип, көп акча таап, билим алып, дүйнө кыдырып үлгү болуп жатышат.

“Кара далы болуп каласың, эрте күйөөгө чыгып кет!”

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт:

Өспүрүм кыздар эрте турмушка чыкканда, барган үй-бүлө мүчөлөрү алардан чоң адам жасай турган үй жумуштарын аткарууну талап кылышат. Бирок, өспүрүм кыз али бала болгондуктан мунун баарын көтөрө албайт. Үй-бүлөдөгү физикалык, тактап айтканда уруп-сабоо, психологиялык зомбулуктарга кабылат. Эрте курактагы никелер жɵнүндɵ 10 факты айта кетсем:

  1. Өспүрүм кыз мектепти да аяктабай калат;
  2. Эрте кош бойлуулук менен коштолот;
  3. Жогорку билим алуу, кийин жакшы айлык алып иштɵɵ, материалдык жактан жетиштүү жашоо укугунан ажырайт;
  4. Дайыма күйɵɵсүнɵн кɵз каранды болот;
  5. Жашы жете электигине байланыштуу алсыз, салмагы аз бала тɵрɵйт;
  6. ЖААК (ЗАГС) каттабайт, малекеттик никелешүү күбɵлүгү, балдардын туулгандыгы тууралуу күбɵлүгү жок кыйынчлылыктарга туш болуу коркунучу бар (ооруканалар кабыл албайт, бала бакчага же мектепке киргизүүдө кыйынчылыктар пайда болот, ж.б.); Мындай никелердин кɵбү ажырашып кетет, документтери жок алимент, жɵлɵк пул ала албай кыйналышат;
  7. Жакыр жашаган үй-бүлɵлɵрдүн санын толукташат;
  8. Кызын эрте куракта күйɵɵгɵ берип жаткан ата-энелер да жоопко тартылып, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат;
  9. Молдонун нике кыюуга акысы жок, эгер кыйса, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат;
  10. Эрте куракта турмушка чыккан кыздар үй-бүлɵлүк зомбулукка кɵп кабылат.

“Кыз деген назик болот!”

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт:

Кыздарыбызды “сен назиксиң, эч нерсени өз алдынча чече албайсың, катуу чуркаба”, — дей берип, кичинекейинен эле жардам сураганга муктаж, бирөөгө көз каранды кылып тарбиялап коёбуз. Эркек балага “күчтүү, билимдүү бол, спорт менен машык, машинаң, үйүң, бизнесиң бар болушу керек”, — деп айтабыз, муну кыздардын кулагына да сиңиребиз. Ал эми, бул стереотиптерге бардык эле жигиттер жооп бере алышпайт. Демек, стереотиптерден баарыбыз жабыркайбыз. Ошондуктан, мындай көз караштарды жоюу керек.

“Ошондой болот. Чыда!”

Бүбүсара Рыскулова , «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси, психолог

“Аюуда болсо эрим болсун”, “Балдарым жетим калбасын”,  “Ушул мени багып жатат”, «Жаман болсо да, өз атасы да» — деп зомбулукка баш ийип жүрө берген аялдар жок эмес. Эч ким үй бүлөнүн бузулушун каалабайт. Бирок, эртеден-кечке зомбулук көргөн эне балдарга жакшы тарбия бере албайт, ден соолугунан ажырайт. Кылмыштын бетин ачпаса, ал күчөй берет.

Айта кетсем, мындан 2-3 жыл мурун бир соттук процесс болду. Кыздын ата-энесинин буркурап ыйлаганын карап тура албайсың. Эмне болгон процесс деп жатсаңыз керек. Кыскасы мындай, кызы ажырашып келет. Кийин экинчи ирет турмушка чыгат. Ата-энеси кийинки күйөө баласын жактырган эмеспи, айтоор каршы болушканына карабай, кыз никесин кыйдырып жашап калат. Турмушка чыккандан кийин күйөөсү аябай зулумдук көрсөтүптүр. Энесине айтса, “кайра- кайра келе бересиңби, өзүн тийдиңби, чыда!”, — дептир. Акыры кыз өзүнүн жанын кыйып тыныптыр.

Андыктан чыдагандын да чеги болот. Бир жолу кол көтөргөндө унчукпай койсо, кийин анысы адат болуп калат.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Көзгө жасалуучу лазердик коррекция боюнча баардык суроолорго жооп

Көзгө жасалуучу лазердик коррекция боюнча баардык суроолорго жооп

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.