Нике түндө алектенчү нерсе менен алектенбей таң атканга чейин сүйлөшүп жаттык. Бири — бирибизге ант бердик, кокус бир нерсе болсо жалгыз өтөбүз деп. Сүйүү бар экенине келинчегиме жолукканда ишендим. Кээде бизге сөздүн кереги жок эле, жөн гана тиктешип отура берчүбүз. Ушунчалык бири-бирибизди сүйчүбүз, ушунчалык!
Мындай болуп кетет деп ойлогон дагы эмесмин. Пландарыбыз боюнча чогуу бир күндө, чачыбыз агарып, бетибизди бырыштар басканда ээрчишип кетмекпиз. “Сабыр кылыңыз!”. Ак халатчан дарыгер келип жонума таптады. Жашоомдун маңызы реанимацияга кирип кеткен бойдон чыккан жок.
Андан бери эки жыл өттү. Жыйырма жетиге чыктым. Муздак жаздыкты кучактап жаткандан кадимкидей тоңо баштадым. Досторумдун балдарын көрүп ата болгум келет. Бирок, келинчегиме болгон сүйүүм мурункудан дагы күчтүү. Түшүмө кирсе, кадимкидей сүйүнүп ойгоном. Адаттагыдай ашканадан чуркап келип бетимден өбөт деп күтөм. Эхх…
Үйлөнүп алсамбы дейм. Бирок нике түнүбүздө берген антымды бузгум келбейт. Ал мени асмандан карап тургандай сезиле берет. Кыздар менен таанышып сүйлөшө баштаганда өзүмдү анын астында күнөөлүү сезем. Эмне кылсам болот? Жалгыздык жанга батты. Келбей турган адамдын келишин күтүп жашагандан өткөн азап жок экен.







