Сага жаккан кыздын көңүлүн кантип буруу керек?
Көпчүлүк жигиттер кыздар менен таанышканды билишпейт. Жанына барса сунушун четке кагып коёт деп ойлоп, жакындай алышпайт. Психолог Тынчтыкбек Бакытов кыздар менен таанышуу жолдорун айтып берет.
Ата-эне баласына кантип кыздар менен туура таанышуу керектигин үйрөтпөйт. Көп учурда балдар тасмадан же көчөдөн көргөнүн кылат. Тентек болсо, кыздарды түртүп өтүп, чачынан тартып таанышууга аракет жасайт. Тартынчаак бала биринчи кадам таштоого батынбай, ичинен кыялданып жүрө берет.
Кыздар менен таанышуу жолдору:
- Таанышуу жагдайын туура танда! Кыз менен таанышуу үчүн кырдаалды байка. Сабак учурунда же жумуш маалында сунуш киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Кыз бош болгондо жанына бар. Бул учурда көпкө сүйлөшүүгө шарт түзүлөт, жыйынтыгы да жакшы болот.
- Өзүңө ишенимдүү бол! Кыздар өзүнө ишенген жигиттерди жактырат. Тартынып, биринчи кадам таштоодон коркуп турган адам дароо эле билинет. Толкундоолоруңду билгизбе, өзүнө 100 пайыз ишенген жигит экениңди көрсөт.
- Чечкиндүү бол! Чечкиндүү жигиттер көп мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Максатыңа жетүү үчүн план коюп, аны ишке ашыр.
- Кыз менен эмне тууралуу сүйлөшүү керек? Каалаган темада! Болгону калп айтпа. Эгерде сага бир кыз жагып калса, ал жөнүндө көбүрөөк билүүгө аракет жаса. Кыздан биринчи кадамды күтүп олтурбай, демилгени колго ал. Өзүңдү ишенимдүү жана эркин сез. Эмнеге кызыгаарын сура, мүмкүн дароо эле жалпы тема табылат. Эсиңде болсун, маектешүүдө кызды суракка алууга болбойт!
- Жасалма болбо! Таанышуунун көптөгөн ыкмалары бар. Эң оңою жана тез убакыттын ичинде натыйжалуу жардам бере турганы жигиттин ак ниеттүүлүгү жана жөнөкөйлүгү. Ар бир кыз чындыкты бааларын унутпа!







