AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыздар менен сүйлөшөйүн дейм

Кыздар менен сүйлөшөйүн дейм, бирок асмандан аялым карап турат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында каза болгон аялына берген анты тууралуу айтылат. Ал эми баяндын аягынан психологдун кеңешин окуй аласыз. 

«Муздак жаздыкты кучактап жаткандан тоңо башадым»

— Кокус мени менен бир нерсе болсо башкага үйлөнбөйсүңбү?

— Сенчи?

— Өмүр бою жалгыз өтөм.

— Мен дагы.

— Сөз бересиңби?

— Ооба. Сенчи?

— Сөз берем.

Нике түндө алектенчү нерсе менен алектенбей таң атканга чейин сүйлөшүп жаттык. Сүйүү бар экенине келинчегиме жолукканда ишендим. Кээде бизге сөздүн кереги жок эле, жөн гана тиктешип отура берчүбүз. Ушунчалык бири-бирибизди сүйчүбүз, ушунчалык!

Мындай болуп кетет деп ойлогон дагы эмесмин. Пландарыбыз боюнча чогуу бир күндө, чачыбыз агарып, бетибизди бырыштар басканда ээрчишип кетмекпиз. “Сабыр кылыңыз!”. Ак халатчан дарыгер келип жонума таптады. Жашоомдун маңызы реанимацияга кирип кеткен бойдон чыккан жок.

Андан бери эки жыл өттү. Жыйырма жетиге чыктым. Муздак жаздыкты кучактап жаткандан кадимкидей тоңо баштадым. Досторумдун балдарын көрүп ата болгум келет. Бирок, келинчегиме болгон сүйүүм мурункудан дагы күчтүү. Түшүмө кирсе, кадимкидей сүйүнүп ойгоном. Адаттагыдай ашканадан чуркап келип бетимден өбөт деп күтөм. Эхх…

Үйлөнүп алсамбы дейм. Бирок нике түнүбүздө берген антымды бузгум келбейт. Ал мени асмандан карап тургандай сезиле берет. Кыздар менен таанышып сүйлөшө баштаганда өзүмдү анын астында күнөөлүү сезем. Эмне кылсам болот? Жалгыздык жанга батты. Келбей турган адамдын келишин күтүп жашагандан өткөн азап жок экен.

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Ооба, мындай сөз бар: алар өмүр бою чогуу жашап, бир күндө өлүштү. Ошентип, баарыбыз үйлөнгөн күнү — бир адамды сүйүп өмүр бою жашоону кыялданабыз! Жубайлар бир күндө, бир нече саат, күн же ай айырмаланып, кырсыктын кесепетинен же картайып каза табышат. Бирок көпчүлүгү — башкача жол менен. Ар бир никенин эки гана аягы болушу мүмкүн: ажырашуу же жесир калуу.

Сизге экинчи варианты туш келди. Тагдыр ушундай! Сиз антыңызды бузган жоксуз: өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин аны менен болдуңуз!

Андан ары жашооңузду улантуу чыккынчылык болбойт, анткени сиздин сүйүүңүз түбөлүккө эсиңизде калат, башка сүйүүгө кабылсаңыз дагы, ал эч жакка кетпейт. Жөн гана алар сонун эскерүүлөргө айланат.

Кыздар менен таанышып, жубай тандап, балалуу болуңуз! Сиз бактылуу болушуңуз керек! Күн сайын! Бардык шектенүүлөрүңүзгө “тагдыр ушундай” деп жооп бериңиз!

Мурунку аялыңыз, тагыраагы анын жаны сиз үчүн бактылуу болот, анткени ал сизди катуу сүйгөн!

Бир бөлмөнү элестетиңиз, ал жерде эсиңизде калган нерселердин баары бар: таанышуу, сүйлөшүү, үйлөнүү той, сезимдер, сүйүү, белектер, саякат ж.б. Бардыгын ошол жерге коюп, сыртка чыгыңыз. Андан кийин эшикти жабыңыз! Жаңы сезимдерге өтүңүз жана жыргап жашаңыз! Келинчегиңизди эстегиңиз келгенде, эсиңиздеги сакталган ошол бөлмөгө кириңиз. Эгер эскерүүлөр өзүнөн өзү пайда болсо, анда аларды бөлмөгө жөнөтүп, “мен бул жөнүндө ошол жактан ойлоном” деңиз.

Эч качан мурунку жубайыңыз менен башка кыздарды салыштырбаңыз! Рухуңузга жакын, дос боло ала турган ж.б.у.с. келинчек табыңыз.

Кайраттуулук менен алдыга жылыңыз — сиздин балдарыңыз төрөлүүнү каалап жатышат!

Бактылуу болуңуз!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, «окутам» деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.