AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыз ала качуу - кылмыш! Эмне үчүн бул тууралуу балдарга айтуу керек?

Кыз ала качуу — кылмыш! Эмне үчүн бул тууралуу балдарга айтуу керек?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргызстанда ала качуу кылмыш экенине карабай, бул адат дагы да болсо жоюла элек. Кыз ала качуу фактылары толугу менен токтомоюн, кыздардын да, эркек балдардын да ата-энелери аларга бул кылмыш экенин түшүндүрүп турушу керек.

Кыз ала качуу - кылмыш! Эмне үчүн бул тууралуу балдарга айтуу керек?

 
Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун жетекчиси Лариса Илибезова, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова жана психолог, гештальт-терапевт Асел Байымбетова Kaktus.media сайтына нике мамилелеринин мыйзамсыз иш-аракеттер менен баштоо үй-бүлөлүк бактысыз жашоого жана абак жазасына алып келери тууралуу айтып беришти.

Ала качуу жөнүндө ата-энелер эмнелерди билиши керек

 

 

Ала качуу — салт эмес, кылмыш!

Ала качуу – «карма жана кач» деген мааниде. Коомдун бир бөлүгү бул салт деген жаңылыш пикирди карманышат. Бирок тарыхты карасак, кыргыздар үй-бүлөлөрдүн ортосундагы келишим менен гана баш кошкон. Кыздын ата-энеси макулдугун бербеген учурда гана жаштар бул кадамга барышкан. Бирок чындап кызды ала качуу зордук катары каралы, аны жасаган эркек менен анын үй-бүлөсү шылдыңга калган. Бул эркек жана анын үй-бүлөсү каада-салт боюнча кыздын колун сурап келгенге мүмкүнчүлүгү жок экенин көрсөткөн. Бирок, убакыттын өтүшү коомдо мажбурлоо менен ала качуу жайыла баштады. Буга эркектердин аял менен тил табыша жана зордук-зомбулуксуз мамиле түзө албаганы себеп болууда.

Ала качуу Кыргызстанда 1994-жылы эле криминализацияланган. Жаңы Кылмыш-жаза кодексине ылайык, никеге туруу максатында кыз ала качууга беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Аял адам эмеспи?

Бирок, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде дагы бир берене бар — «Адам уурдоого» мүлкүн конфискациялоо (же ансыз) жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган. Үй-бүлө куруу максатында ала качуунун жабырлануучулары бул беренеге кирбейт.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүү экенин укук коргоочулар, юристтер жана айрым депутаттар колдоп чыгышкан. Бирок Жогорку Кеңеш Кылмыш-жаза кодексине киргизилген бул өзгөртүүлөрдү четке каккан.

«Прецедент» Өнөктөштүк тобу» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, юрист Нурбек Токтакунов эки берененин болушу мыйзамда ажырымды жаратат деп эсептейт:

Жаңы Кылмыш-жаза кодекси — аял киши эмес дегендей ой калтырат. «Адам урдоо» деген берене, анан «Үйлөнүү максатында аялды ала качуу» деген берене бар, бул эки берененин болушу аялдын адам эмес экенин көрсөтүп турат. Бул берененин болушу мыйзамсыз келишимдерге мүмкүнчүлүк берет. Бул Конституцияга каршы келген беренени жөн эле алып салыш керек. Ала качуу — адам уурдоо, болду, бүттү. Кандай гана максатта уурдалбасын, аял да, эркек да адам.

Никеге туруу үчүн адамды ала качпайт. Никеге туруу үчүн адам менен келишим түзүлөт.

Бул «Адам уурдоо» беренесинин квалификациялык белгиси гана болушу мүмкүн. Бирок бул эч кандай учурда үй-бүлөлүк мамилелерге каршы кылмыш болуп саналбашы керек.

Комплекстүү мамиле керек

Лариса Илибезова, Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун жетекчиси:

— Кыргызстанда мажбурлап никеге тургузуу жана никеге туруу үчүн ала качуу боюнча жоопкерчиликке тартуу боюнча жетишээрлик прогрессивдүү мыйзамдар бар. Атап айтканда, никеге туруу үчүн ала качуу, никеге мажбурлоо жана чыныгы нике мамилелери үчүн жоопкерчилик каралган, ал эми балдарга жана балдарга карата диний нике кыюу жөрөлгөлөрүн өткөрүүгө байланыштуу атайын эрежелер бар.

Ала качуу үй-бүлө чөйрөсүндө аял менен эркектин тең укуктуулугунун жоктугунан улам бүгүнкү күнгө чейин болуп келүүдө. Эркек өзүн башчы деп эсептейт, ал эми коом аял ага баш ийиши керек деген ишенимде аны колдойт. Кээ бир учурларда жигит кыз анын сунушунан баш тартат деп ойлойт, же аны менен кантип таанышууну, кантип баарлашууну билбейт. Анан анын артынан чуркап отурбай эле, жөн эле ала качып кетсе болот деп ойлойт. А коом болсо мындай кадмга барган жигитти айыптабайт, ага бул кылмышты жасоого тууган-туушкандары, достору жардам беришет. Ал эми кызды өзүнө баш ийүүгө мажбурлай алдым деген сезим аны бактылуу кылат.

  • Коомдо ала качууга болгон карышылкты күчөтүп, аялдардын укуктук аң-сезимин көтөрүү зарыл. Ар бир кыз мектептен эле зордук-зомбулук жөнүндө билдирүүдө эч кандай уят жок экенин, анда үй-бүлөлүк мамилелерди өз тандоосу менен куруу укугу бар экенин билиши керек.
  • Аялдарга болгон мамиленин жаңы маданиятын түзүү үчүн заманбап маалыматтык продуктулар керек. Бул ишке эркектер менен балдарды тартып, алардын ала качууга болгон көз карашын өзгөртүп, ала качуу зордук-зомбулук экенин жана аны алсыздар гана жасай турганын, ал эми мыкты жигиттер өз ара макулдукту жана эркин тандоону баалай турганын аң-сезиминдеринде бекемдөө керек.

Ата-энелер балдарына ала качуу тууралуу эмнелерди айтып бериши керек?

Назгүл Турдубекова, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору:

Укуктук билим ала качууну жок кылууга жардам берет.

Балага кичинекей кезинен тарта эле адам укуктарынын баалуулуктарын үйрөтүп баштоо керек. Ошондо адамдар жаштайын адам укуктары маселесине аяр мамиле жасап, адамгерчиликтүү болуп бой жетишет. Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында укуктук тарбия берүү жеке адамдарга карата кылмыштуулуктун, анын ичинде никеге туруу үчүн кыздарды ала качуунун алдын алуунун абдан натыйжалуу механизми болуп саналат.

Жаштайынан укуктук тарбия сабактарын өткөрүү, балдардын укуктук маданиятын калыптандыруу, ошону менен адам укуктарын бузуунун ар кандай түрлөрүнө карата сезимталдыкты жогорулатуу зарыл.

Бул нерсе бала бакчадан бериле башталса, балдар өздөрүнүн жеке чектерин сыйлоого үйрөнүшөт. Алар өздөрүнүн денесинин кол тийбестигине укугу бар экенин билишет ж.б. Анан чоңойгондо өзүнө карата зомбулукка жол бербейт жана өздөрү да ал нерсени кылбайт. Айтылуу кылмыштуу жүрүм-турумдан жабыркап калышсаЮ дароо жардам сурап милицияга кайрылуу менен өздөрүн коргой алышат.

Ата-энелер балдарын гана эмес, өздөрүнүн ата-энелерин да үйрөтүшү керек болот

Ала качуу маселеси бир гана жаштардын гана эмес, бүтүндөй чөйрөнүн көйгөйү. Башкача айтканда, үй-бүлө ала качуу аркылуу түзүлгөн бүткүл коомдун. Укуктук билим берүү жаштарга жана өспүрүмдөргө гана эмес, адеп-ахлактык көз караштан алганда үй-бүлөнү түзүүгө мындай кылмыштуу мамилени мыйзамдаштырган улуу муунга да керек.

Улуу муундун өкүлдөрү кыздын жашоосун бузуу менен, жигиттин кыялындагы жашоону жаратууну көздөгөндөрү кылмыш экенин түшүнүшү керек.

Балдарын мындай кадамга түртүүнү токтотуп, кыз ала качууга кыйыр түрдө да катышуудан коргой алышы үчүн улгайган адамдар, уул-кыздардын ата-энелери менен иштешибиз керек. Анткени, адатта, үчүнчү жактар ​​ала качууну уюштурууда маанилүү ролду ойнойт: кызды сыртка чыгарып, белгиленген жерде, белгиленген саатта ала качып кетүүгө шарт түзүшөт ж.б.у.с. Бул аракеттер кылмышка шериктеш болууга жатат.

Кылмышка негизделген нике бакыт алып келбейт

Асел Байымбетова, психолог жана гештальттерапевт:

— Зордук-зомбулукка, кылмыштуулукка негизделген нике кыздын психологиялык абалына кесепетин тийгизет. Эгерде кыз зордук-зомбулук жасалган чөйрөдө чоңойсо, анда ал бардыгын нормалдуу катары кабылдап, чыдап жашап жүрө берет. Бирок анын денеси каршылык көрсөтөт, мындай мамиле психосоматикалык оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн, мисалы, цистит, ириңдүү ангина, төрөттөгү көйгөйлөр ж.б.

Өтө сейрек учурларда гана ала качуу менен курулган үй-бүлө бактылуу болот. Бул жерде ушундай дал келүү болушу керек дейсиз, эч нерсеге карабастан эки жаш бири-бирине дал келиши керек. Бирок бул эрежеден тышкаркы көрүнүш, мен буга ишенбөөнү сунуштайм. Мамилелер бири-бирине болгон сезимдерден жана ортодогу келишимдерден башталышы керек. Болбосо лотерея сыяктуу болуп калат.

Никеге чейин кыздын чегин бузган эркек, нике кыйылып чогуу жашап баштаганда дагы бузушу мүмкүн.

Мындай жол менен үйлөнүүнү тандаган эркектин мүнөзүндө агрессия болот. Бул агрессия келечекте өзүн көрсөтө баштайт жана эртеби-кечпи ал аялына багытталат.

Эркек балдардын ата-энелери үчүн психологдун сунуштары:

  • Башкалардын кайгысын түшүнүшү үчүн, эркек балдарда боорукердикти өрчүтүңүз.
  • Алардын агрессивдүү жүрүм-турумун колдобоңуз.
  • Белгилүү бир аракеттердин мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы жөнүндө маалымат берип, адам уурдоо кылмыш экенин түшүндүрүңүз.
  • Эгер өспүрүм куракта эркек балдарда кыздар менен тил табышуу оор болсо, аларга сезимдерди кантип көрсөтүү керек экенин үйрөтүңүз, мамилелер кандайча курулаарын, алардын өнүгүүсүндө кандай этаптар бар экенин түшүндүрүңүз. Сүйлөшүү жөндөмү ага үй-бүлөлүк мамилелерди түзүүгө жардам берет.

Кыздардын ата-энелери үчүн психологдун сунуштары:

  • Кыз бала ата-энесине керек экенин билип, сезиши керек. Кыздар ала качууга туш болуп, андан кийин зордукталган соң ата-энелеринин каарынан коркуп, отуруп калган учурлар бар. Кызыңыз сизден коркпой, сизге таяна аларын билиши керек.
  • Кызыңызга жеке чектерди үйрөтүңүз. Ал аны менен эмне кылуу мүмкүн жана мүмкүн эмес экенин билип, өзү эмне каалап жатканын түшүнүшү зарыл. Кызды ала качканда, ал так «жок» деп айта албай калган учурлар кездешет. Анткени ал өзүнүн чек арасын билбейт жана эмнени каалап жатканын түшүнбөйт.
  • Ага башка зордук-зомбулуктар сыяктуу ала качуу да жабыркаган тараптын күнөөсү эмес экенин түшүндүрүңүз. Бул ар дайым кылмышкердин күнөөсү. Көбүнчө болгон окуя үчүн кыздарды күнөөлөшөт. Эгер аны ала качса, демек ал убагында жигитке макул болгон деп ойлошуп күнөөлөшү мүмкүн.
  • Кыз ала качкандан кийин зордуктоого туш болуу ал жерде отуруп калууга, кылмыш жасаган адам менен жашоо курууга себеп эмес экенин билиши керек.
Белгилер: Ата-энелерге
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.