AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыялымдагы сүйүү!

Кыялымдагы сүйүү!

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Мындай окуя кинодо эле кездешет деп ойлочумун. Бирок чыныгы жашоодо да орун алаарына өзүмдүн башыман өткөндө гана ишенип олтурам.

Мындан туура 1 жыл 8 ай мурун бир жигит менен жеңеси аркылуу таанышып калдым. Шыпылдаган шайыр жеңе болгондуктан ой-боюма койбой эле телефон номеримди ага берип, мени аны менен таанышууга көндүргөн. Чынымды айтсам жаңы таанышканда бала мага жаккан жок, жашы да менден бир топ эле улуу болчу. Телефон чалат, эртең менен кечинде смс жөнөтөт ошентип жүрүп көнө түшүпмүн “кыз-жигит” болуу сунушун киргизгенде дароо макул болуп сүйлөшө баштадык. Ага болгон сезимим күн сайын күч алып ансыз жашоо кызыксыз болуп баратты. Менимче бул сезим экөөбүздө тең болду өңдөнөт. Башында жашы улуу деп тартынып жүрсөм, кийин жаш айырмачылыгыбыз деле байкалбай калды. Экөөбүз тең бири-бирибизди абдан сыйлачубуз. Көңүлүбүздү оорутуп алуудан да коркчубуз. Өзгөчө анын мага кылган мамилеси абдан жылуу болчу. Мен ага байландым, андан башканы ойлонгумда келбей, келечегимде аны менен гана болом деп кыялданып алгам. Аралыгыбыз алыс болгондуктан жолукчу да эмеспиз. Ал спорттун бир түрү менен алектенчү, “спортсуз мага жашоонун кызыгы жок” деп айтаар эле жана дайыма мага оюндан түшкөн сүрөттөрүн жөнөтүп кубандырчу.

Бир жыл сүйлөшүп эки гана жолу жолуктук. Ал жолуккан күн азыр да көз алдымдан кетпейт. Жоолугушуудан кийин мурункудан да жакшы сүйлөшө бердик. Бир жолу мага оюн болуп жатат деп көптөгөн сүрөттөрүн жөнөттү. Сүрөттөрүн көрүп жылмая, өзүнчө бактылуу боло, гезит окуй баштагам. Гезитти карап олтуруп көргөн көзүмө ишене албай тиктеп калдым, көз алдымда ага окшош бир белгилүү, ошол эле спорттун түрү менен машыккан адамды көрүп турдум. Интервьюсун окусам ал мурун мага айткан сөздөрү менен гезиттеги адамдын сөздөрү окшош. Эмне болгонун түшүнбөйм, бирок экөө эки башка адам. Сабыр сактап чыдай алган жокмун, жигитиме чалдым да барын айтып эмне болгонун сурадым. Ал чындыкты айтпай дагы бир нерсенин башын чыгарып сөздү башка тарапка бурганга аракет кылды. Телофонду өчүрүп аябай ыйладым. Ишенген адамым ушундай кылат беле деген ой мээмден кетпей туруп алды. Жүрөгумдү оорутканы мени алдап, өз сөзү, жүзү менен эмес башка адамдын кейпин кийип сүйлөшкөнү. Ошондон баштап экөөбүздүн мамилебиз токтоду, байланышыбыз үзүлдү. Көрсө ал ошол спорттун түрүн жактыргандыктан ошол эле спорттогу белгилүү оюнчунун сүрөттөрүн мага жөнөтүп турчу экен. Таңгалганым экөөнүн сырткы келбеттери чынында эле окшош.

Мамилемди токтоткондон бери мага жашоонун кызыгы калбай калгандай, өзүм менен өзүм гана. Башында кылгандары үчүн жек көрдүм, бирок кайра эле аны сагынып, кечке аны ойлонуп кыйналам. Тескерисинче аны менен сүйлөшпөй калгандан бери ага болгон сүйүүм, сагынычым күчөдү.

Жашоомдо болгон нерсени билбегендер “Сага эмне болду, такыр эле өзгөрдүң» дешет. Ал эми менин сүйүүдөн жабыркаганымды билгендери “Унутчу, баркыңды билбеген адамды эмне кыласың? Башканы сүй, башкасын тап” дешет. Жок эч качан андай болбойт, андан башканы сүйө албайм, сүйүүгө да аракет кылган жокмун. Аны кээде унутайын деп чечим чыгарам, бирок унуткум келбейт. Атайын ал жөнүндө ойлонуп, экөөбүздүн бактылуу учурларыбызды эстеп ыйлаган учурлар болуп жатат. Унуткум келбейт, бирок ушунчалык кыйналдым, жан дүйнөм жанчылды. Ал жигитке эмнеге мынчалык байландым өзүм да түшүнбөйм.

Көп убакыт өкөндөн кийин мага социалдык тармактардын биринен жазып калды. Ден-соолугумду, ал-абалымды сурады, мурункудай эле ак көңүл, боорукер, камкор. Ал мага дагы деле сүйөөрүн жана сагынганын билдирип жана мен аны кечирүүмдү өтүнүп, кайрадан мени менен сүйлөшө албасын, кылган кылыгы үчүн уялаарын бир нече жолу жазды. Мен да ичимдеги сагынычымды жашыра алган жокмун. Ал болсо Ошону менен кайрадан менден алыстады. Андан бери жарым жылдан ашты эч унуталбайм!

Психолог Айгүл Ысыкеева:

Урматтуу окурман сиздин окуя чынында эле кинодогудай экен. Менин баамым боюнча ойдон дагы чыгарылышы ыктымал. Бирок кээ бир адамдар өзүнүн фантазиясы менен өмүр бою жашап өтөт, сиздин сүйүүнү “Фантазия сүйүү” деп атап койсо дагы болот.

Сиз өзүңүзгө суроо узатып көрүңүзчү:

  • Болуп жаткан махабат сезимин өзүмдүн жашоомо кантип батырсам болот?
  • Сүйүү сизге эмне берип жатат?
  • Бул сезимден эмне таап, эмне жоготуп жатасыз?

Алгач эле ойлонуңуз, махабат сезимин жашоомо батырсам болобу, убактысы келдиби деп. Бул сүйүүдөн сиз эмне таап жатасыз? Менимче сүйүү сизге азап тартуулап, учурдагы болуп жаткан жашоодон артка тартып жатат. Окуудан, достор менен баарлашуудан, өспүрүмдүк курактын кызыгынан. Ал эми сүйүүдөн эмне таап, эмне жоготуп жатасыз? Сиз артка кайрып алгыс убакыттан, балалык оюн күлкүдөн, билим алуудан алаксып жоготуу таап жатасыз. Балким мындан дагы көп неселерди жоготуп жаткандырсыз, кагазга жазып эсептеп көрсөңүз дагы болот. Эгерде сүйүүдөгү жоготууларыңыз көп болсо, анда эмне кереги бар мындай сезимдин.

Жигитиңиздин болсо өзүнө тиешелүү ички сезими болгон эмес, ал бирөөнүн жашоосун, жүзүн жамынып сизди алдаган. Эгер сиз газетадан көрүп калбаганыңызда дагы канчага чейин алдамак, кайдан билесиз? Мен сизди өткөн жашоо менен эмес жаңы жашоо менен кадам таштоого чакырам. Урматтуу каарман сиз мени түшүнөсүз жана туура чечим чыгарасыз деген үмүттөмүн!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Аялымдан кумар албайм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.