AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыргызстандын экономикасы. Тиешелүү бөлүмдүн сайтында пайдалуу маалымат барбы?

Кыргызстандын экономикасы. Тиешелүү бөлүмдүн сайтында пайдалуу маалымат барбы?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Өкмөттүн жаңы түзүмүндө Экономика жана Финансы министрлиги бириккенине карабастан, сайттары ишин өз алдынча улантууда. Бүгүн mineconom.gov.kg сайтында кандай маалыматтар бар экенин анализдейбиз. 

Колдонуучуларды эмне кызыктырат?

  • Потенциалдуу экспортерлор үчүн маалымдамалар;
  • Ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрү боюнча лицензиялоо жана уруксат берүүчү документтер жөнүндө маалыматтар;
  • Импорттоочулар үчүн маалымат;
  • Тышкы экономикалык статистика, товарлардын көлөмү жана түрү боюнча ар кайсы өлкөлөр менен соода жүргүзүү жөнүндө маалыматтар;
  • Аймактар ​​боюнча экономикалык божомолдор;
  • Тышкы экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасы;
  • Потенциалдуу инвесторлордун карап чыгуусу үчүн бизнес-пландары жана маалыматтары бар инвестициялык долбоорлор;
  • Бизнес үчүн жеңилдетилген долбоорлор.

Экономика министрлигинин iOS жана Android үчүн мобилдик тиркемеси бар.

Сайтта министрликтин түзүмү жана жетекчилиги жөнүндө маалыматтар бар. Макро көрсөткүчтөрү бар интерактивдүү таблица ай сайын жаңыланып туруучу башкы бетте көрсөтүлөт.

Ар бир индикаторду басып койсо болот, бирок ички беттеги борбордук блок кайрадан жаңылыктарга арналган, ал эми сол тилке инвесторлорго, изилдөөчүлөргө, журналисттерге, экономисттерге жана айрым жөнөкөй жарандарга керек болушу мүмкүн. Бирок анчейин ыңгайлуу эмес жана анча-мынча жаңыланып турат. «ИДПнын түзүмү» таблицасында ИДПнын 2019-жылга карата начар окула турган сүрөтү жүктөлгөн, «Божолдор» бөлүмүндө таблица жылдырылбайт, «Социалдык-экономикалык өнүгүү» таблицасында 2021-жылдын маалыматтар эң төмөн жагында жайгашкан, ошол жерге жүктөлгөн отчеттор Улуттук статистикалык комитеттин сайтында дагы бар.

Ченемдик укуктук актылар бөлүмүндө учурдагы жана талкууланып жаткандар актыларды таба аласыз. Документтерди жүктөп алса болот.

Изилдөө бөлүмү бир жылдан бери жаңыланган эмес (антикоррупциялык иш-аракеттер жөнүндө отчеттор).

Тендерлер, курстар жана сынактар ​​жөнүндө маалымат жарыяланган «Кулактандыруу» бөлүмү бар. Бош орундар, министрликтин байланыштары жөнүндө маалыматтарды дагы таба аласыз. Коомдук кеңешке өзүнчө бөлүм арналган. 

Башкы бетте, графиктердин астында, бөлүмдөрү менен дагы бир блок бар. Санариптештирүү жөнүндөгүсү анчалык маалыматтуу эмес. Айрым жаңылыктар 2019-жылдан бери жаңылана элек.

Ошол эле жерде соодага көмөктөшүү боюнча кеңештин бөлүмү бар, бирок соодадагы жол-жоболорду кантип жөнөкөйлөтүү керектигин жана бул үчүн атайын эмне жасалып жаткандыгын түшүнбөгөн ишкерлер үчүн анчалык деле пайдалуу эмес.

Салыкты тактоо бөлүмү дагы анчалык жөнөкөй эмес. Бөлүмдү басканда, ачкыч издөө барагы ачылат. Бирок система натыйжа бериши үчүн эмне жазыш керек экени белгисиз.

Эгер  Жашыл экономика жаатында бизнес түзүүнү чечсеңиз, анда сайттан пайдалуу маалымат алуу да кыйынга турат, анткени «Жашыл экономика» бөлүмүндө ар кандай бөлүмдөр катышкан иш-аракеттер планы жайгатырылган.

Сайтка эмне жетишпейт?

Сайтка кандай маалыматты жайгаштыруу керектигин аныктоо үчүн, адегенде сайттын максаттуу аудиториясы ким экендигин түшүнүү керек. Эгерде, жок дегенде,төрт негизги нерсени — мамлекеттик кызматкерлерди, ишкерлерди, изилдөөчүлөрдү (эксперттер, ЖМКлар ж.б.) жана жалпы коомчулукту бөлүп көрсөтсөк, анда маалымат негизинен мамлекеттик кызматкерлерге арналган.

Калктын, активисттердин, бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын негизги бөлүгү негизги экономикалык көрсөткүчтөр жөнүндө акыркы айлардагы гана эмес, ошондой эле бир нече жылдардагы маалыматтарга муктаж.

Ошондой эле ИДПнын өсүшү, инфляция жана башка макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн божомолдору,  министрликтин пландары боюнча бөлүм менен активдүү иштөө керек. «Стратегиялык пландаштыруу» бөлүмүндө маалыматтын түзүмү жок. Негизги божомолдорду жеткиликтүү жерге бекитүү керек.

Инвесторлор жана ишкерлер үчүн пайдалуу маалыматтар аз, же ыңгайсыз структуралаштырылган. Демек, ченемдик укуктук базаны, статистиканы, онлайн кызматтарды, божомолдорду жана айрым сунуштарды бириктирип, өзүнчө ыңгайлуу бөлүмдү бөлүп көрсөтүү керек. Карапайым калк дагы, ишкерлер дагы өкмөттөн кризистен чыгуу боюнча чараларды күтүп жаткандыгын эске алганда, сайт пландар жөнүндө структуралаштырылган маалыматка жана алардын аткарылышы боюнча отчетторго муктаж.

Экономика жана Финансы министрлигинин сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA — Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна «ПроМедиа Плюс» компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу боюнча суроолорго жооптор

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу боюнча суроолорго жооптор

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.