AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыргызстанда статистика кантип топтолот? Адис айтып берет

Кыргызстанда статистика кантип топтолот? Адис айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин уюштуруу жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ермекбаева статистика тууралуу суроолорго жооп берди.

Статистика деген эмне?

Статистика — маалыматтарды чогултуп, өлчөп, талдап жана аларды салыштырган билимдин бир тармагы. Мисалы, жөнөкөй тил менен түшүндүрсөм, энергияны жарыкка айлантуу үчүн трансформатор же электростанциялар керек, туурабы? Ошол сыяктуу эле, маалыматтарды чогултуп, аларды ирээттеп, колдонуучуларга сунуу үчүн статистика зарыл.

Кыргызстанда статистиканы ким жүргүзөт?

Бүгүнкү күндө расмий статистикалык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети берет. Комитет аймактык  деңгээлде эки шаар жана 7 облустук (аларга тиешелүү аймактык бөлүмдөрү) статистикалык башкармалыктары менен иш жүргүзөт.

Статистиканы ким эсептейт?

Статистик — статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо жана берүү менен алектенген адис. Башкача айтканда, статистик маалыматтарды чогултат жана талдайт, эсептөөгө байланыштуу методикаларды жүргүзөт, жыйнактарды түзөт жана чыгарат.

Статистикалык маалыматтар кандайча алынат?

Улуттук статистика комитети ар кандай маалыматтарды чогултуу методдорун колдонуп, ар кандай булактардан алынган статистиканы чогултат. Айталы, түздөн-түз байкоо жүргүзүү, сурамжылоо, анкета кылуу ж.б. Мисалы, интервьюе́лерибиз базарга же дүкөндөргө барып азыктардын бааларын каттап чыгышат. Ал эми райондук статистика бөлүмдөрүбүзгө мекемелер келип отчетторун тапшырып кетишет. Ал жактан облус, андан кийин республикага, тактап айтканда бизге жөнөтүлөт.

Буга чейин маалыматтар кагаз жүзүндө келип түшөт эле. Аларды компьютерге киргизип, талдап, иштеп чыгуу үчүн көп убакыт кетет, колдонуучуларда нааразычылыктар пайда болчу. Жакынкы арада бул көйгөй жоюлат, анткени электрондук форматка өтүү алдында турабыз.

Статистика кайда колдонулат?

Статистикалык маалыматтар изилдөөлөрдө, экономикада, менеджментте, социологияда, медицинада, геологияда, тарыхта ж.б. активдүү пайдалануучулар үчүн колдонулат.

Статистика эмне үчүн керек?

Статистикалык маалыматтар чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат. Мисалы, бизнес тармагын алалы. Өкмөе бир жерге мектеп курууну чечти дейли. Мектепти алдынкы 10-20 жыл ичинде мектеп курагындагы балдардын өсүсүүнө байланыштырабыз. Ошол себептен ал алгач ошол аймак боюнча маалымат чогултат: канча адам жашайт, суроо-талап барбы же жокпу ж.б. дегендей. Же медицина тармагына токтолсок, өлкөлөр өлүмдөрдүн, оорунун жана жаракаттын себептерин аныктоо үчүн саламаттыкты сактоо статистикасына муктаж. Ошол статистикалык маалыматтар менен ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөрдү аныктап, аны чечишет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жыныс мүчөм кичинекей деп кейиген эркектерге уролог кеңеш берет

Жыныс мүчөм кичинекей деп кейиген эркектерге уролог кеңеш берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.