AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыргызстанда аналогу жок өзгөчө комбайны бар фермердин ийгилик сыры

Кыргызстанда аналогу жок өзгөчө комбайны бар фермердин ийгилик сыры

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жакында Вахобжан Таштановичтин фермасында уникалдуу айыл чарба техникасы — Кыргызстанда аналогу жок тоют жыйноочу комбайн пайда болду.

Вахобжан Таштанович чарбасын 2016-жылы уюштурган. Ферма куруп, ал жерге сүт багытындагы бодо мал бага баштаган. Кийин жергиликтүү бодо мал алып келип, аны кайра жогорку түшүмдүү асыл тукум уйлар менен алмаштырган.

Фермада мал багууга бардык шарттар бар: уйларды саай турган бөлмө, мал үчүн кышкы бөлмө, атсарай, асыл тукум жан башка жандыктар үчүн бир нече короолор, тоют сактоочу жайлар. Буга кошумча, фермер Австриянын симменталдык породасындагы уйларды кармоо үчүн европалык стандартка ылайык жай куруп жатат. Ошондой эле, коопсуздук үчүн чарбага видео байкоо системасы орнотулган.

Ферманы сапаттуу тоют менен камсыз кылуу үчүн Вахобжан Таштанович өз алдынча айыл чарба продукциясын өстүрүүнү пландаштырып, жергиликтүү элди жумушка ала баштаган. Бардык талаа иштери өз күчтөрү менен жүргүзүлөт, алынган түшүм чарбадагы атайын жайларда сакталат.

Фермада трактор, бир нече шайман, бобкат жана комбайн бар.

Баарыбызга белгилүү болгондой, заманбап технологиялар агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Алар жыл сайын жаңы моделдер менен толукталып, бир эле учурда бир нече операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бириккен агрегаттар пайда болуп турат.

Мындай жабдыктардын бирөөсү тоют жыйноочу комбайн — үрөндүү жана табигый чөптөрдү, күн карама, жүгөрү сыяктуу өсүмдүктөрдү чабууга, ошондой эле чабылган чөптөрдү жыйнап, унаага ташууга арналган айыл чарба машинасы. Вахобжан Таштанович «Айыл Банкка» кайрылып дал ушундай JAGUAR 850 CLAAS комбайнын лизингге алды. 

JAGUAR тоют жыйноочу комбайны CLAAS компаниясынын эң алдыңкы продукту. Кубаттуулукту акылдуулук менен башкарат, жогорку өндүрүмдүүлүктү көрсөтөт жана күйүүчү майды аз керектейт.

Фермер бул техниканы чет өлкөгө болгон сапарынын көрүп калган жана жаңы комбайндын толук жыйнагы аны абдан таң калтырган.

«Бул Кыргызстанга келген Германиянын алдыңкы технологияларынан бирден-бири, азырынча буга токшош аналогдор жок. Технология дан эгиндерин майдалоо сапатына, силостун кесилишинин көлөмүнө белгилүү талаптарды коет, бул болсо өз кезегинде силостолууга жана андан ары тоюттун сиңирилишине таасир этет ”, — дейт Вахобжан Таштанович.

Дыйкан бул комбайн менен өзүнүн түшүмүн кайра иштетүүдөн тышкары, жергиликтүү калкты дагы тейлейт.

«Бул региондогу ири мүйүздүү малдар үчүн жемдин сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле комбайн тарабынан түшүмдүн бардык элементтери толук, терең иштетүүнүн эсебинен тоют базасы көбөйөт. Жыйынтыгында фермерлер көбүрөөк сүт алат жана анын майлуулугу жогорулайт»,-деди фермер. 

Климат көзөмөл, ыңгайлуу орундук, үн изоляциясы жана максималдуу автоматташтыруу — комбайндын ичинде отурган операторго өзүн ыңгайлуу сезиш үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Учурда Вахобжан Таштанович европалык стандарттарга ылайык тамактандыруу жана уйларды саай турган кошумча системаны киргизүүнү пландап жатат. Ошондой эле, чийки заттарды кайра иштетип, келечекте асыл тукум фермасы статусун алууну көздөөдө.

«Айыл Банк»  жыл сайын өлкөнүн агроөнөр жай секторун колдоону улантып келет. Көрсөткүчтөр тастыктагандай Банктын негизги артыкчылыктардын бири — дыйкандардын айыл чарба техникаларына болгон муктаждыктарын тез арада канааттандыруу.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул вирус менен оорубасам

Бул вирус менен оорубасам, кыры сынык чыныдан чай ичип жүрө бермекмин

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.