AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыргызстан жаштары кантип климатты сактап

Кыргызстан жаштары кантип климатты сактап, ал үчүн кантип 10000 доллар ута алат?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«ClimateScience Kyrgyzstan» долбоору ар бир кыргызстандыктын климат тууралуу сапаттуу билим алуусу үчүн иштелип чыккан. Долбоордун командасы ClimateScience санариптик климаттык билим берүү платформасын кыргыз тилине которушту.

Кыргызстандын жаштары климатты сактап, ал үчүн кантип 10000 доллар утушка ээ боло алат?

 
«Климаттык билим Кыргызстандагы көптөгөн адамдарга, атап айтканда жаштарга салттуу билим, анын ичинде математика, тил, адабият жана башкалар сыяктуу эле бирдей болуп, планетанын ишенимдүү жашоочулары болууга жардам берет деп ишенебиз. Ошондой эле климат- билимдүү жаштар жакынкы он жылдыктарда Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн гаранты болот», — дешет долбоордун жаратуучулары.

Эскерте кетсек, климаттын өзгөрүү көйгөйү бүткүл дүйнөдө курч жана Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн таасирине эң көп дуушар болгон өлкөлөрдүн бири катары эсептелет. Климаттын өзгөрүшү айыл чарбага, энергетикага, адамдардын ден соолугуна жана экосистемага таасирин тийгизет.

ClimateScience платформасы ар бир адамга климат боюнча билим берүүгө жардам берет, ошондуктан дүйнөдөгү ар бир адам климаттын өзгөрүү проблемасынын жалпы контекстти билет жана бул көйгөйдү чечүүгө катышат. Платформанын өзү дүйнө жүзүндөгү ыктыярчылар тарабынан Оксфорд жана Кембридж университеттери сыяктуу дүйнөлүк илимпоздордун жана билим берүү мекемелеринин, ошондой эле БУУнун колдоосу менен түзүлгөн. Платформа климаттын өзгөрүшү боюнча илимий жактан тастыкталган маалыматты, бүткүл дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган жана негизги эрежелер катары кабыл алынган, ага ылайык дүйнө климаттын өзгөрүшүнө каршы натыйжалуураак күрөшө алат.

Санарип тиркеме балдар китептерди, 13төн ашык тема боюнча курстарды, анын ичинде айыл чарбасынан тартып, энергетика, өндүрүш тууралуу чоңдорго жана өспүрүмдөргө арналган окуутуларды камтыйт. Курстар билим берүүчү видеолорду, сүрөт (графикалар) жана статистикалар менен түзүлгөн. Мугалимдер үчүн класстарга климаттык темаларды киргизүү үчүн материалдар берилген.

Андан тышкары ClimateScience жыл сайын климаттык эл аралык олимпиада өткөрөт. Иш-чара онлайн жана бардык катышуучулар үчүн акысыз болот. Эми платформа кыргыз тилинде чыккандан кийин, бардык каалоочулар бул олимпиадага катышып, баш байге – 10 000 доллар үчүн ат салыша алышат!

Олимпиаданын биринчи этабына катталуу үчүн дедлайн — 10-июнь!

Аталган платформа англис, орус жана башка дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде жеткиликтүү.

  • Платформа менен таанышуу үчүн: @climatesciencekg
  • https://www.instagram.com/p/CsBuVlgsQsF/?igshid=NTc4MTIwNjQ2YQ==
  • Же сайт аркылуу: https://climatescience.org/ky

Долбоор Фридрих Эберттин Кыргызстандагы фондунун колдоосу менен «Кыргызстандын студенттери Жашыл экономика үчүн» коомдук уюму тарабынан ишке ашырылууда.

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Башкалардын аялына суктанып жүрүп

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, өзүмдүкүн башкага алдырдым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.