AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Кыргызстан" партиясынын айымдары

«Кыргызстан» партиясынын айымдары

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«Кыргызстан» саясий партиясынын 19-августта өткөн VII курултайында парламенттик шайлоого ат салыша турган талапкерлердин тизмеси жашыруун добуш аркылуу бекитилген.

Анын жыйынтыгы менен «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесине 102 адам кирген. Тизмеде мыйзамда көрсөтүлгөндөй талапкерлердин 32син аялдар түзөт.

Бүгүн партиянын алдыңкы тизмесиндеги аял талапкерлер өздөрүнүн келечектеги максаттары тууралуу айтып беришет.

КУЛМАТОВА Наталья Анатольевна

Т.Шевченко атындагы Киев мамлекеттик университетин, М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган. 25 жылдан бери ишкерлик менен алектенип, туризм, каржылык консалтинг, курулуш багытында эмгектенет. Бишкек шаардык кеңешинде «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон. Меценат. Boundless Love («Чексиз сүйүү») кайрымдуулук фондун жетектейт. Көп балалуу үй-бүлөлөргө, студенттерге, ардагерлерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо жана жардам көрсөтөт.

– Менин мамлекеттик маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүүгө колдоно турган чоң тажрыйбам жана билимим бар. Мен 4 жылдан бери «Кыргызстан» партиясынын мүчөсүмүн. Ушул убакыт аралыгында биздин команда берилген тапшырмаларды аткара алаарына көзүм жетти. Мени дайыма жарандарыбыздын билим алуусуна жана ден-соолугуна байланыштуу маселелер тынчсыздандырат. Биздин партиянын башкы милдети — өлкөнү ушул оор кырдаалдан алып чыгуунун жолдорун жана механизмдерин иштеп чыгуу. Биз адамдардын жашоосунун негизги маселелерин: ден соолукту чыңдоо, жумуш менен камсыз кылуу, жаш муунга сапаттуу билим берүү, пенсионерлерге көңүл буруу, аялдардын укугун коргоо жана экология боюнча көйгөйлөрдү чече алабыз.

СУЛТАНБЕКОВА Чолпон Аалыевна

Бишкек мамлекеттик институтун, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын, ТИМдин алдындагы Дипломатиялык академияны аяктаган. Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарында депутат болгон. Вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

— Эгерде биз алгач башкаруу тутумун оңдобосок, Гарварддын бүтүрүүчүсү деле республикадагы кырдаалды жакшы жакка өзгөртө албайт. Эң башкысы, административдик-аймактык реформаларды жүргүзүү, бийликти борбордон ажыратуу керек, антпесе бардыгы кайталана берет. Ыйгарым укуктарды айыл өкмөттөрүнө, райондордун акимдерине административдик өткөрүп берүү, алардын бюджетин түзүү мүмкүнчүлүгү сапаттуу өзгөрүүлөрдү жасайт. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү дотацияда отурушат. Аймактарды өнүктүрүү жөнүндө сөз болуп жатат, бирок жогорудагы реформалар жана өзгөрүүлөр болбосо, ишкер ал жакка барбайт жана инвестиция салбайт. Эгерде мен парламентке барып калсам, ушул маселерге көңүл бурам.

БАЙТЕРЕКОВА Майрамкүл Анарбековна

Фрунзе шаарындагы Автомобиль жана жол техникумун аяктаган. Эмгек жолун жеке ишкер катары 1992-жылы баштаган.  Нарын облусунун Кочкор районундагы айылдардын жашоочуларынын социалдык абалын жакшыртуу үчүн бир нече миллион сомдук жардам көрсөткөн.

— Мен айылда туулуп, өстүм. Элибиздин жана мамлекетибиздин келечеги жаш муундардын колунда деп ишенем. Ошондуктан, мугалимдерди жана окуучуларды жаңы технологияларга окутууга багытталган долбоорлор аркылуу айыл жерлериндеги мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдап, билим сапатын заманбап талаптарга ылайык жогорулатуу зарыл.

Мен мекендештерибизге түрткү берүүчү жана калкты туура жолго багыттай турган маданий жана руханий баалуулуктардын деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-аракеттердин программасын иштеп чыгып, сунуштайм. Мындан тышкары, айыл чарбасын, туризмди жана тейлөө чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча комплекстүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган программаларыбыз бар. Эгерде мен парламенттин депутаты болуп калсам, алардын аткарылышына бардык күчүмдү жумшайм.

ДӨЛӨТАЛИЕВА Дамира Темирбековна

Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Врач-кардиолог. 1986-1997-жылдары Кара-Балтадагы поликлиникада эмгектенип, жетекчилик кызматты аркалаган. 1997-2010-жылдар аралыгында ишкерлик менен алектенип, 2010-жылдан бери “Дордой” соода-базар комплексинин профсоюздар бирлигинин төрайымы.
“Дордой” базарында эмгектенген ишкерлердин укугун коргоп, 10 жылдан бери базар-соода тармактарындагы көйгөйлөр менен күрөшүп келем. Инфляция, бажы, ЕАЭБ, кыргыз-кытай чек арасындагы маселелердин чечилишине, ишкерлерибиздин ишин турукташтырууда бар күчүмдү жумшадым. Ишкерлердин үнүн бийликке жеткирип, күч органдары менен кызматташтыкты уюштурдум. Көп учурда ийкемсиз мыйзамдардын запкысын көрдүм. Мен соода, экономика жаатындагы мыйзамдык калпыстыктарды жоюу үчүн ЖК депутаттыгына талапкерлигимди койдум. Алдыга койгон максаттарыма жетүү үчүн, укуктук талаада натыйжалуулуктун бекемделиши үчүн «Кыргызстан» партиясынын программасына шайкеш ой-мүдөөмдү ишке ашырууга бел байладым. Мен күчтүү мыйзамдардын так иштөөсүн камсыздоого баратам.

КЕМЕЛБЕКОВА Зухра Ахматжановна

Орусиядагы Магнитогорск университетин аяктаган. 15 жылдан бери жеңил өнөр-жай тармагында ишкерлик менен алектенип, 500гө жакын адамды жумуш орун менен камсыз кылган. Анын өндүргөн продукциялары Россия жана Казакстандын ири базарларына жиберилет.

-Жеңил өнөр жайы өлкөдөгү артыкчылыктуу тармактардын бири. Бир жагынан социалдык маселе чечилип, жарандарыбыз жумуш менен камсыз болсо, экинчи жагынан экономиканын өнүгүшүнө салым кошот. Мен дагы 15 жылдан бери бул тармакта ишкерлик менен алектенип, жүздөгөн адамды туруктуу жумуш менен камсыз кылып келем. Өнөр-жай тармагынын өнүгүшүнө салым кошоюн деп Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттандым. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн кийим-кечелердин сапатын мыктылап, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп, жарнамалап, инвестиция тартуу боюнча программаларды кабыл алууга тийишпиз. Эң башкысы кездеме өндүрүү тармагын да сөзсүз жолго коюш керек. Эгерде мен парламенттин депутаты болуп калсам, анда ушул маселелердин аткарылышына жетишем.

АТАБЕКОВА Асель Мамышевна

Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетин аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы Кыргыз фондулук биржасында аналитик болуп иштөөдөн баштаган. 2002-жылы «Selya» аялдардын кийимин өндүрүүчү жеке компаниясын, «Борбордук Азиядагы Аялдар Лигасы» коомдук фондун негиздеген.

-18 жылдан бери республиканын экономикасынын приоритеттүү тармагы болгон жеңил өнөр-жайда эмгектенип келем. Жогорку Кеңешке барсам өзүм жакшы түшүнгөн жеңил өнөр-жай тармагына көңүл бурам. Бул тармак өзгөрүүлөргө, жаңы ыкмаларга өтө муктаж. Бул үчүн кыска жана узак мөөнөттүү программаларды иштеп чыгуу керек.  Жеңил өнөр-жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, тигүү тармагында эмгектенген жумушчулар үчүн ипотекалык насыялоону киргизүү ж.б. максаттарым бар.

НИЯЗАЛИЕВА  Дамира Абаскановна

Казакстанда Алма-Ата мамлекеттик медициналык институтун, КР өкмөтүнүн алдындагы кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Жогорку Кеңештин IV жана V чакырылыштарында депутат, Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр кызматтарды аркалаган.

— Депутат болуп турган убакта социалдык багытта  карапайым элдин турмушун жеңилдетүүгө багытталган бир нече мыйзам долбоорлорун жазгам. Бирок, алардын көпчүлүгү жетиштүү каржылоонун жоктугунан толук иштеген эмес. Ошондуктан, депутат болуп туруп, менин демилгем менен ишке аша баштаган социалдык долбоорлорду аягына чыгарам деп ишенем. Менин негизги максатым — калктын социалдык абалын жакшыртууга көңүл буруу.

Аткаруучу: «ПроМедиа Плюс» КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 18-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Курманжан Датка" тасмасында Алымбек Датканын ролун ким аткарган? Кызыктуу тест

"Курманжан Датка" тасмасында Алымбек Датканын ролун ким аткарган? Кызыктуу тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.