Мен 27 жаштамын, бирок турмушка чыга элекмин. Жигит жандап баскан эмесмин. Жада калса менден 8 жаш кичүү сиңдим турмушка чыккан. Үйдөгүлөр качан күйөөгө тиесиң деген суроосу менен тажатып бүтүштү.
Бала кезимен жакшы окуйм. Англис жана итальян тилинде эркин сүйлөйм. Бирок кыргыз жана орус тилдеринде өз оюмду жеткиликтүү айта албайм. Аябай жай, такалып сүйлөйм. Балким, ошонум үчүн да жигиттер мени макоороок деп ойлошот.
Учурда Москвада чоң мейманканалардын биринде котормочу болуп иштейм. Кээде чет өлкөлүк бирөөгө эле тийип алсамбы, деп да ойлоном. Бирок, кыргыз жигитине турмушка чыгып, үй-бүлө кургум келет.
Эмне кылышым керек? Мага кеңеш бергилечи?







