Кыймылдаган кыр ашат болуп, көз ачып жумганча эле 25 жаштын ашуусун аштым. Айылда окуп, андан кийин шаардан лицейде окуп, андан соң борбордо бюджетте өз күчүм менен окууну бүтүрдүм. Айылдын да, шаардын да турмушун жакшы билем деп ишеничтүү айта алам. Окуудан жетишкен ийгиликтердин арты менен студенттик кездерден эле алмашуу программалары менен чет жактарга, Европа өлкөлөрүнө чыгып келдим. Бир нече тилде сүйлөйм, мамлекеттер аралык мелдештерден орун алган жагдайларыбыз да бар. Азыркы учурда Европанын өнүккөн өлкөрүнүн биринде инженер болуп иштейм. Жашыбыз жакындаган сайын тууган-уруктан суроолор көбөйүп «качан үйлөнөсүң?» -деген сөздөрдү күн алыс эле угуп калдык. Досторумдун жарымынан көбү үйлөнүп, ар кими өз турмуш жолуна түшүп жатканын көргөн соң үйлөнүү жөнүндө ой уйгу-туйгу кылат экен. А бирок акыркы 2 жылдан бери мамиле курууга болгон аракеттерден майнап чыга элек. Балким кеп байлыктабы? Анткени окуп жүрүп карьера эми гана башталып жаткан чагы, мына деп көрсөтө алчу байлык жок. Билим, тажрыйба, эл аралык байланыштар байлык сымал материалдык эмес болгондуктан, мына деп көзгө сая көрсөтө албайт экенсиң. Балким кептип баары тойлордо? Анткени мекенден алыс жүрүп бойго жеткен кезде тойлорго деле бара албай жүргөн кербез. Мени да бир пери күтүп жүргөнүн билем, бирок кээде жогоруда айтылган ийгиликсиз мамилелерден кийин үмүт шамы күн сайын өчүп бараткансыйт.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







