AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кымызга кызып калган жездем эжемди сүйөрүн айтып ыйлаган

Кымызга кызып калган жездем эжемди сүйөрүн айтып ыйлаган

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет боорукер жездесинин жоругун айткан кыздын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

«Косметика дагы алып берем!»

Жездем түнт адам. Сезимдерин сыртка чыгарбайт. Бир калыпта басып жүрө берет. Мисалы, үйгө келгенде тамак жасап беребиз. Ошондо жагып жатабы же жокпу биле албай кыйналабыз. Жеп бүтүп унчукпай туруп кетет. Бүгүн мен силерге ошо жездемдин бир жоругун айтып берем.

Эжем экөөнүн үч баласы бар. Баш кошкондоруна 12 жыл болуп калды. Биз шаарда, алар айылда турушат.

Жай. Тапчанда атам экөөбүз дарбыз жеп отурганбыз. Эжем кирип келди. Бейкапар учурашып коюп дарбыз жей баштады. Биз да унчуккан жокпуз.

— Күйөө балаңызды бир коркутуп коеюн дедим.

— Тынчылыкпы?

— Балдарды ага таштап жумушума кеткем. Келсем үйдүн кебетеси бир укмуш. Эң жаманы тиги эки тентек небереңиз обоилердин баарына сүрөт тартып, косметикаларымды чукулап салышыптыр. Күйөө балаңыз бейкапар уктап жатат. Ушундай жаным кейиди. Ачууланып бакырып жатсам дагы үн катпайт. “Болду сени менен жашабайм” деп шаарга баса бердим. Кетип жатканда унчукпай карап турду. Бирок, кебетесин көрсөңөр күлмөксүңөр: көздөрү алайган, чекеси тердеген, кыпкызыл. Ишенип калды окшойт. А чынында шаарда жумуштарым бар болчу. Ансыз деле келип кетмекмин. 

Жездем мага эжемди сурап жазды. “Ооба, келди, ыйлап жатат” деп апырттым. Атама чалды. Ал трубканы алып “эх, балам, сага ишенсе” деди да сүйлөгүчө басып койду. Негизи биздин үй-бүлө мүчөлөрү диплому жок актерлер.

Түн. “Анипа!” деп бирөө бакырып дарбазаны такылдатты. Баарыбыз чоочуп ойгондук, көрсө жездем экен.

“Мен сени сүйөм! Аябай катуу сүйөм! Кетпечи суранам! Обоилерди кайра чаптап, үйдү жыйнап койдум. Косметика дагы алып берем. Анипа, мен сени сүйөм! Сенсиз кантип жашайм!”

Эжем “ичип алган го” деп эшикти ачканы чуркап чыкты. Түнт жездемди биринчи жолу ушундай абалда көрүшүм. Быдылдап сүйлөп эжемдин бети-колунан өөп кечирим сурап жатты.

— Эмне ичтиңби?

— Үй жыйнап жатып муздаткычта кымызды көрүп калдым.

— Анын турганына көп болгон да. Баарын ичип койдуңбу?

— Ооба.

— Ии кокуй! Ошон үчүн кызып калган турбайсыңбы.

— Кетпейсиңби?

— Кетпейм, бол кир, кошуналарга уят кылбай.

Бул жакта туруп алып эжем экөөнүн сүйлөшкөнүн угуп боорубуз эзилип калды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кызым тенетек кылса сабап салам

Кызым тенетек кылса сабап салам, анан кайра жүрөгүм ооруйт. Психологдун жообу

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.