AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күтүүсүз жерден жана ойноп-күлүп алган соң балалуу болгон энелердин окуясы

Күтүүсүз жерден жана ойноп-күлүп алган соң балалуу болгон энелердин окуясы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Бүгүн биз үй-бүлөнү пландоо туралуу талкуулайбыз. Деги эле ал эмне жана ким үчүн керек деген суроолорго жооп алуу үчүн, студиябызга атайын конокторду чакырдык. Алар: баласын пландап төрөгөн Жамиля Үсөнбаева, пландабаган жерден кыздуу болгон Наргиза Кожобекова жана акушер-гинеколог Айпери Соурбекова. Кызыктуу маекти толугу менен ютуб каналыбыздан көрө аласыз.

Наргиза: Этек кир келбесе дагы боюма бүттү

Эмизип жатам, боюма бүтпөйт дегем

Менин төрт балам бар. Улуу үч баламдын ортолору төрт жылдан. Аларды аябай пландаштырып, эсептеп төргөм. Анткени, көп жерден төрөт ортосундагы аралык 3 жылдан кем эмес болушу керек деген нерсени угуп калчумун. Буга чейин эмчектен чыгарган соң гинекологдорго кайрылып, баары жакшыбы текшерилип, анан спираль койдуруп коет элем. Бул ирет баланы эмизип бүтө электе, этек кирим келе электе эле кош бойлуу экенимди билдим. Этек кири келбесе жана эмизип жатканда бойго бүтпөйт дегенге ишенип жүрчүмүн, көрсө бойго бүтүп калышы мүмкүн экен. Ошентип төртүнчүбүз планга кирбеген бала болду. Ошондуктан, урматтуу айымдар, этият болгула! Эмизип жатканда дагы сактангыла.

Кантип билдим?

Өзүмдү башкача сезип, шек санай баштадым. Анан тест сатып алып салсам эки таякча көрсөттү. Гинекологго жөнөдүм. Ал жерден мени УЗИге салышты. Жети жумалык боюмда бар экен. Аябай жаман болдум. Бул мен үчүн оор чечим болду. Үч уулум болгондуктан, балким кыз дедим. Жети жума чоң мөөнөт болуп калыптыр, бирок аборт жасатса болот болчу. Аябай көп ойлондум. Жолдошума чоң рахмат. Ал “Наргиза сен кандай чечим кабыл алсаң дагы сен тарапта болом” деди. Эң негизги фактор жети жума болуп кеткени болду.  Анан калтырууну чечтим. Ошентип пландалбаган, бирок көптөн күтүлгөн кыздуу болдук.

Эмоционалдык жактан жабыркадым

Биринчиден, мен көбүрөөк эмоционалдык жактан жабыркадым, алсыздандым. Эки кош бойлуулук катары менен болуп, 3,5 жыл үйдө отуруп калдым. Экинчи жагынан балдардын ортосу жакын болгондо экөө эгиздей эле болуп калат экен. Мисалы, мурдагы балдарымдыкы төрт жыл, бул куракта бала өз алдынча болуп калат экен. Ал эми бул жолкусунда экөө тең кичинекей, экөөнө тең мага муктаж. Ошол учурда аябай кыйналдым. Берки балама көңүл бура албай жаткандай сезилип, өзүмдү күнөөлөй берчүмүн. Күйөөмдүн колдоосу менен гана бул оорчулуктарды жеңе алдым.

Жамиля: Ойноп-күлүп алгандан кийин балалуу болууну чечтим

Пландап балалуу болгон сонун экен

Моралдык жактан даяр болот экенсиң. Мисалы, тогуз айдан кийин ата-эне болоруңду билет экенсиң дегендей. Окуумду бүттүм, иштедим, саякаттадым, ойноп-күлдүм, анан үйгө отурганга даяр болгондон кийин планды баштадым. Албетте, “качан балалуу бололу” деп күйөөм экөөбүз сүйлөштүк. Ал учурда пандемия эле. Кое туралы дедик, мен дагы ооруй элек болчумун. Күзүндө ооруп, айыккандан кийин анан кириштик.

Пландоо  финансыдан башталат

Алгач каржы жактан даяр болушуңар керек. Күйөөң экөөңдө тең жумуш болуш керек дегендей. Андан тышкары аялда өзүнчө дагы каражаты болсо жакшы. Себеби, балага көп акча кетет. Андан кийин үйдүн шарты жакшы болушу шарт. Баарын даярдап коюп анан ойлонсо болот. Күйөөм урологго, мен гинекологго бардык. Себеби ден соолугуңарда кандай көйгөй болсо, ошону жок кылуу керек. Кош бойлуу учурда көп дары ичкенге болбойт, балага зыян. Ошон үчүн алдын ала бүтүрүш керек. Менин бир катам, башка ооруларымды дарылабай койгонум болду. Мисалы, ашказаным ооручу, аны дарылабай койдум эле, токсикозум катуу, өзгөчө оор болду. Аны дагы текшертип коюш керек болчу экен. Гинекологдон, урологдон баары жакшы чыккандан кийин, организмди даярдаш үчүн витаминдерди жазып берди.

Төрөтүм аябай жеңил өттү

Баары жакшы болду. Врачым дагы жакшы киши экен. Төрөт учурунда көп кыйналып, бакырбадым. 20 мүнөттө эле төрөп койдум окшойт. Бала ата-эненин көңүлүн сезет дешет. Мен ойноп-күлүп алгам, балалуу болууга, үйдө отурууга моралдык жана каржы жактан даяр болгом. Балам менин тынч абалымды сезип, ал дагы тынч. Мени кыйнабайт, ыйлабайт. Албетте, бул жерде күйөөңдүн дагы колдоосу айта кетүү керек.

Гинеколог Айпери Соурбекова: Үй-бүлөнү пландаштырсаң бала аман, эне аман жана эл аман

Эмнеден баштоо керек?

Пландоо – экөөнө тең керек, аялы жана күйөөсү. Экөө тең даярданып башташы керек. Мисалы, алгач көрүнө турчу жерди тандашат. Мамлекеттик бейтапкана же жеке клиникалар. Аял гинекологго, жолдошу урологго барып толук текшерүүдөн өтүшөт. Эмне максатта дегенде, бойдон түшүнүү, ара төрөлүүнү, төрөттөн кийин баланын же эненин чарчап калуусун ж.б. алдын алуу үчүн.

Гинеколог эмнелерди текшерет?

Биринчиден гинекологдон баштоо керек. Ал кандагы гемоблин жетиштүүбү же жокпу аныктайт. Андан кийин кан группасын карап чыгат. Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларга, ВИЧке, гепатитке ж.б анализ алат. Убагында инфекцияларды аныктап, дарылабаса, кийин түйүлдүккө терс таасирин тийгизип коюушу мүмкүн. Айталы, кош бойлуулук токтоп калат, бойдон түшөт ж.б. дегендей. Гинекологдон тышкары бир канча адистен кеңеш алуу керек: терапевт, лор, окулист, стоматолог жана генетик.

Уролог эмнелерди текшерет?

Күйөөсү урологго барып, гепатиттке, ВИЧке, ошол эле жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга анализ берет. Анализ жыйынтыктарына карап, инфекциялар чыкса дарыланып баштайт.

Кош бойлуулукка даярдыкты алты ай мурун, эң аз дегенде 3 ай мурун баштоо керек

Дарыгерлерге көрүнүп бүткөн соң, витаминдерди ичесиң. Аялдар фолий кислотасын ичип баштайт. Фолий кислотасын эмне максатта ичилет? Туубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдарда нерв системасында көйгөйлөр биринчи орунда турат. Фолий кислотасы дал ушул ооруларды алдын алат. Тилекке каршы практикада көпчүлүк айымдар  туура эмес ичип алат, боюнда болгондон кийин дегендей. Бирок, бул учурда түйүлдүк ага анчалык муктаждыгы жок болуп калат. Эмнеге дегенде, түйүлдүк жаңы жаралган күндөн баштап, биринчи 28 күн ошол фолий кислотасына аябай муктаж болот. Анткени, ошол учурда нерв системасы жаңыдан калыптана баштаган болот. Ал эми бул учурда, көпчүлүк аял өзү  боюнда барбы же жокпу билбейт. Ошон үчүн фолий кислотасын 3 ай мурун ичүү сунушталат. Андыктан, бул 28 күндү колдон чыгарбаш үчүн пландоо керек. Буга кошумча, ата-эне жаман адаттардан арылып, дени сак жашоого өтүшү керек. Уйку режини оңдоп, стресстен алыс болуп, туура тамактанышы зарыл.

Белгилер: Ооруба
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Миллион сом чогулткусу келгендер үчүн пайдалуу кеңештер

Миллион сом чогулткусу келгендер үчүн пайдалуу кеңештер

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.