AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Куурулган

Куурулган, ачуу, туздуу, тамак жегенди жакшы көргөндөрдүн боору көп ооруйт

18 июня, 2023
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү
Боор — организм үчүн фильтрдин кызматын аткарат. Зыяндуу заттардын баары бул жерде тазалангандыктан, өтө аялуу орган болуп саналат. Боор жана ага байланыштуу оорулар тууралуу жалпы хирург Талгатбек Абдыкадыров менен маектештик. 

— Боор эмне кызмат аткарат?

— Боор организмдеги эң чоң орган. Негизги функцияларынын бири — канды тазалоо жана организмге керектүү заттарды синтездөө болуп саналат. 

— Боор өз функциясын жакшы аткарыш үчүн, эмнелерди жасоо керек?

— Боор эң негизги органдардын бири болгондуктан ага жакшылап кам көрүшүбүз керек. Боор организмди тазалап турат, демек, жеген нерселерибизге көңүл бурушубуз зарыл. Алкоголь, биз ичкен дарынын баары боордо тазаланат. Андыктан, дени сак жашоого умутулууну сунуштайм. Химиялык кошулмары бар азыктарды дагы аз жегенге аракет кылуу абзел. 

— Анда, кандай тамактарды жебеш керек?

— Куурулган, өтө туздуу, өтө ачуу, маринаддалган (уксус менен) тамактар, тамакка кошула турган боектер, консерванттар ж.б. баары боорго басым келтирет. Мүмкүн болушунча буларды азыраак колдонууну сунуштайм. 

— Боордун ооруганы билинбейт дейт, бул канчалык деңгээлде чын?

— Көйгөйлөр баары бир билинет. Такыр оорутпайт дегенден алысмын. Гепатит А болсо, боор оорутат, дене саргаят. Ал эми гепатиттин калган түрлөрүндө боор оорутпайт, бирок кичине болсо дагы оң кабырганын алды оорлошот. Боор циррозго өтүп кеткенде гана дене саргаят. Ошон үчүн жыл сайын бир текшерилип туруу керек.

— Боор өзүн-өзү калыбына келтире алабы?

— Ооба, калыбына келтире алат, бирок деген нерсе бар. Боор жабыркаса толугу менен жабыркайт. Мынча пайызы иштейт, мынчасы жабыркады деген нерсе жок. Калыбына келиши деген, хирургиялык жол менен канча бир бөлүгүн алып салса, калган бөлүгү жакшы иштесе, калыбына келет. Мисалы, 40 пайызы калса, толугу менен калыбына келет.

 — Боор кандай учурда алмаштырылат?

— Боордун айыкпас оорулары бар — боор рагы, боордун курт оорулары, цирроз ж.б. дегендей. Ошол учурда операция жолу менен алып, донордун боорунун жарымын жайгаштырышат. Бирок, азырынча бизде бул операция жасалбайт.

— Цирроз деген эмне болгон оору?

— Цирроз — боордун катып калышы. Себебине токтолсок, 80 пайыз учурда вирустук гепатиттен болот. Адам жуктургандан кийин билбей, дарыланбай жүрө берсе, боорду катытат. Калган 20 пайыз учурда зыяндуу заттар менен уулануудан болот. Андан тышкары, туубаса, аутоиммундук оорулардан да пайда болот. Кыскасы, 100дөн ашык оору боорду циррозго алып келет. Цирроз айыкпас оору, убактылуу жеңилдетип турса болот, бирок бара-бара боорду алмаштыруу керек. 

— Боор оорулары тукум кууйбу?

— Тукум кууйт, бирок андай оорулардын саны аз. Көбүнчө кийин пайда болот. 

Белгилер: Ооруба
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем менен кайын энесинин мамилесин көрүп таңкалдым

Кайын энем менен кайын энесинин мамилесин көрүп таңкалдым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.