AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күн бою энергия берүүчү эртең мененки адаттар

Күн бою энергия берүүчү эртең мененки адаттар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бардык каалоолоруңузду ишке ашыруу үчүн өз убактыңызды туура башкарууну жана аны натыйжалуу пайдаланууну үйрөнүшүңүз керек. Ал үчүн эртең мененки адаттарды калыптандырыңыз.

  • Эрте туруңуз

Эрте туруу адатын ар бир адам өнүктүрүүсү керек деп. Бирок, заманбап дүйнөдө бул оңой эмес. Эртең мененки беште ойгоно албашыңыздын көптөгөн себептери бар. Бирок баатыр болуунун кажети жок.

Уйку менен ойгонуунун ортосундагы туура балансты иштеп чыгуу жетиштүү.

Эгер сиз адатта саат 8:00дө ойгонсоңуз, бирок эки саат эрте тургуңуз келсе, ойготкучуңузду (будильник) 7:45ке коюп көрүңүз. Бир-эки күнгө созулдубу? Убакытты дагы 15 мүнөткө кыскартыңыз. Саат 6:00 турганга чейин. Муну менен катар кечки адаттарыңызды өзгөртүп, бир аз эрте уктасаңыз болот.

  • Суу ичиңиз

Бул милдеттүү шарт, анткени түн ичинде организм суюктуктун запасын жоготот жана аны толуктоо керек. Эртең менен бир стакан суу зат алмашууну козгоп, организмдин ойгонуусуна жардам берет.

  • Керебетти жыйнаңыз

Бул сиздин күнүңүздү баштаган биринчи жетишкендик болсун. Ийгиликтүү америкалык жазуучу Тим Феррис айткандай, бүгүн сизди эмне күтүп турбасын, сиз ар дайым төшөгүңүздү жыйнай аласыз. Бул жөнөкөй, бирок күчтүү ырым сизге бир аз сыймыктануу сезимин берет жана көбүрөөк маанилүү нерселерге көңүл бурууга мүмкүндүк берет.

  • Чоюлуңуз 

Бул булчуңдарды тонуска алып келет. Стретчинг эки мүнөттөн ашык эмес убакытты талап кылат, бирок анын эффектиси сизди таң калтырат.

  • Спорт менен алектениңиз

Бул бардык нерсе болушу мүмкүн: тренажер залы, йога, зумба, сейилдөө, чуркоо же батутта секирүү. Сиз жөн гана кыймылдашыңыз керек, анткени физикалык активдүүлүк:

  • салмакты көзөмөлдөөгө жардам берет;
  • ден соолукту жакшыртат;
  • маанайды жакшыртат;
  • энергия менен толтурат;
  • уйкуну бир калыпта сактайт;
  • жыныстык жашоону жакшыртат;
  • эч болбоду дегенде кызыктуу.

 

  • Жылымык душка түшүңүз

Бул сизге сергектик жана күч-кубаттын толкунун, ошондой эле физикалык жана психикалык абалыңызды бир топ жакшыртат. Муну машыгуудан кийин жасоо өзгөчө жагымдуу. 

  • Кофе же чай ичиңиз

Бул эки суусундук тең организмге пайдасы бар жана көңүл топтоого жардам берет. Мындан тышкары, күнүңүздү бир чыны ысык нерсе менен баштоо дайыма жагымдуу.

  • Диетаны көзөмөлдөңүз

Денеңизди машина катары элестетиңиз. Эгер мүмкүн болушунча узакка колдонушту кааласаңыз, кам көрүңүз.

Эң чоң көйгөй – адамдар кыска мөөнөттү гана ойлошот. Бул жөн эле мезгил-мезгили менен диета кармоо жөнүндө эмес. Сиз үчүн эң пайдалуусун тандап, максималдуу пайда алып келчү рационду тандаңыз. 

  • Кечеки күндү ойлоңуз

“Кечки акылдан таңкы акыл” деген сөз бар. Күндүз биз өтө көп тажрыйба топтойбуз, ал эми кечинде ал нерселерге сергек карай албайбыз. Эртең менен өткөн күндү талдоого аракет кылыңыз. Ошентип, сиз эмнени туура кылып, кайсы жерде ката кетиргениңизди түшүнө аласыз.

  • Ыраазы болуңуз

Өткөн күндү карап чыккандан кийин, азыркыга көңүл буруңуз. Сиз ыраазы болгон нерселер жөнүндө ойлонуңуз. Бул өзүңүздү оң энергия менен толуктоого мүмкүндүк берет.

 

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Жумуштан келсем апам нан бышыра албаган аялымды кетирип жибериптир

Жумуштан келсем апам нан бышыра албаган аялымды кетирип жибериптир

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.