AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөсү жок деп

Күйөөсү жок деп, тойго чакырбай калышты. Ажырашуу жөнүндө 5 окуя

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Биздин ватсап номерге окурмандардан ар түркүн окуялар келип түшөт. Бүгүн ажырашуу тууралуу чакан баяндарды анонимдүүлүктү сактоо менен чыгарабыз. Эскертүү! Биз ажырашууга үндөбөйбүз. Болгону ажырашкандан кийин деле жашоо бар экенин көрсөткөн окуяларды жарыяладык. 

«Кызың  менен байланышып турсаң болду деп чыр-чатаксыз эле кеттип калдым»

Ажырашуудан кийин жашоо бар экен. Азыр кызымды атасынан алганы кетип баратам. Мен өзүм ажырашууну чечтим. Уруш деле чыгарган жокмун. Ажырашуубуздун себебин айткым келбейт. Э жашырганда эмне, көзүмө чөп салганын билдим. Кечире албадым. Өмүр бою аны да, өзүмдү да кыйнап жашагым келбеди. Менде бир гана талап бар болчу: Кызың менен катташып, аталык мээрим бересиң. Өзүм атасыз өскөм, кызым мага окшош болбосун дедим. Күйөөм сөзүнө турду, кызын жакшы карайт. Менде азыр баары сонун.

«Ажырашкандан кийин көзүмдүн көгү кетти»

Кол көтөрүү. Балдар үчүн деп чыдап көп жыл жашадым. Көзүмдөн кара көз айнек түшчү эмес. Себебин билесиңер. Билбейм, бул өмүрүм ушинтип эле өтүп кетеби дедим окшойт. Балдарымды алдым дагы кетип калдым. Корктум. Бирок ачкадан өлүп калган жокмун. Бүгүн күзгүгө карандым. Көзүмдүн көгү жок. Жалтырап да калыптыр.

«Мени ойлобогон адам менен жашагым келбеди»

Мени менен иши жок адамга жагынгым келбей калды. Жасаган тамагымды мактабаган адамга тамак жасагым келбей калды. Жылуу сөз айта албаган адамга сүйүүмдү айткым келбей калды. Мени ойлобой көчөлөп жүргөн адамды жумуштан күткүм келбей калды. Эмнени туура эмес кылып койдум деп, маанайын карап жашагым келбей калды.

«Кет деди кеттим»

Урушуп кетсек эле кетире берчү. Кээде түн ортосу көчөгө сүйрөп чыгарып койчу. Билимим жок, кантип жумуш табам деп кете албай жүрө бердим. Бир күн дагы «кет» деди. Кетип калдым. Анан эмне кылайын. Кырк жашымда окууга тапшырдым. Көрсө баарын башынан баштоо эч качан кеч эмес экен. Аябай коркком. Элдин сөзүнөн уялгам. Азыр мага баары бир. 

Тойго эле чакырбай калышты, » а так» баары жакшы.

Кызык, күйөөң жок сен эч кимсиң дегендер да бар экен. Мен ажырашкандан кийин тойго чакыруу албай калдым. Бирөөнү айтпай эле коеюн, өз туугандарым менден уялып калгандай. Күлкүм келет. Бирок мен бактылуумун. Тойго чакырышпаса кайра жакшы, акчамды үнөмдөп, эс алууга чогултуп жаткан тыйыныма кошуп коем. 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Мобилизация жана анын кыргыздарга таасири

Мобилизация жана анын кыргыздарга таасири

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.