AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөң башканы сүйсө

Күйөөң башканы сүйсө, бирок сен менен жашаса эмне кылуу керек? Психологдон кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Саламатсызбы! Сиздерди көптөн бери окуйм. Керектүү маалыматтар, пайдалуу кеңештер үчүн рахмат.

Учурда мен да адистин кеңешине муктажмын.

Үчүнчү курс элем. Кышкы сессияларымды бүтүрүп, айылга жөнөдүм. Качан барбайын кеткенче жаным тынбайт: үй жыйнайм, кирлерин жууйм, тамак жасайм. Кошуналар тамашалап «сен эс алганы келдиңби же оокат кылганыбы?», — деп күлүп калышат.

Бир күнү чай ичип олтуруп апама жигитим тууралуу айтсам, «Кокуй, атаң укпасын. Аяш атаң менен макулдашып коюптур. Улуу баласы Алмазды тааныйсың да, ошого турмушка чыгасың», — деди.

Каршы болдум, ыйладым, тамак жебей коркуттум. Эч нерсе өзгөргөн жок. Эртеси туруп алып шаарга кетип калдым. Жигитиме чындыкты айта албай, жок шылтоолорду ойлоп таап сүйлөшпөй койдум.

Телефон чукулап олтургам. «Кандай? Сенин жигитиң бар да туурабы? Бул никеге мен деле каршымын» деген смс келди. Алмаз жөнөтүптүр. Жооп берген жокмун. 

Үчүнчү курсту аяктаганда Алмазга турмушка чыктым. Кыйналсам да мыкты жар болууга аракет кылам. Күйөөм мени карабайт. Жок жерден уруш чыгарат. Башканы сүйөөрүн, ата-энеси үчүн гана үйлөнгөнүн айтат.

Эркек сүйбөсө аял бактылуу боло албайт экен. Ортодо бала болсо, мамилебиз өзгөрмөк беле, билбейм. Ажырашып кетким келет. Кандай кылсам туура болот? Кеңеш бериңизчи. Рахмат! 

Гүлмира Молдокулова, психолог

Кызым, жубайлардын бири-бирине болгон сүйүү сезими жок болсо, айрыкча аял эң чоң стресске кабылат. Айымдар үчүн сүйүктүү болуу өтө маанилүү.

 “Жолдошум сүйбөйт” деген фактыны моюнга алуу оор. Бирок, мындай мамилени улантуу да жеңил эмес. Бул позиция кооптуу деп эсептелинет жана мындай учурда эч нерсе жасалбайт. Менин сунушум, маселени түшүнгөнгө аракет кылыңыз.

Ой жүгүртүңүз:

  • Жолдошуңуздун жаман жана жакшы жактарын баалаңыз.
  • Анын мамилесин түшүнүү үчүн күрөшүү керекпи? Жакшылап ойлонуңуз.

Сиз  “ажырашуу максатым бар”, — деп жатасыз. Мүмкүн бул чечимиңизге таарынуу сезими түрткү болуп жаткандыр.

Күйөөңүздү “сүйбөйсүң” деп күнөөлөнүн да кереги жок, себеби силерди ата-энеңер үйлөнткөн. Андан көрө бул чындыкты кабыл алыңыз. Ошондо мамилеңер жаңы нукка бурулуп, башкача жашоо башталат. Балким бактылуу үй-бүлөлөрдөн болосуңар.

Эч качан шашпаңыз, жакшылап ойлонуңуз. Ийгилик! 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жаңы жылдык жаракаттарыбыз бактыбызга себепкер болду

Жаңы жылдык жаракаттарыбыз бактыбызга себепкер болду

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.