Бир кыз үй-бүлөмдүн тынчын алып аябай тажатты. Алты жылдан бери ошонун айынан уруш. Күйөөмө жазып, кээде ачык эле чалат. Аны кантип жок кылсам болот?
Жакшы да, жаман да айтып көрдүм. Сабарым түгөнгөндө, “күйөөмдү тынч койбосоң, сени издеп таап башкача сүйлөшөм” деп уруштум. Мындай учурларда бир-эки ай жок болуп кетет. Бүттү деп сүйүнүп калсам, кайра пайда болот.
Күйөөмө “аныңды жок кыл” деп айта берип тилим тешилди. Балким мен жок эсине келип калаар деп кетип да көрдүм. Бир да сөзүмдү укпайт. Мен бармынбы же жокмунбу иши жок. Кызыгы, ал кыздын номери күйөөмдө сакталуу. Өчүрүп салсам, кайра таап алат. Ким экенин сурасам үн катпай отура берет.
Чарчадым. Айла жок кайын энеме айттым. Ал тиги кызга чалды. Анда да жөн калбай, күйөөмө апаң чалды деп, мени жамандап коюптур. Жолдошум кайра мени сөктү. Ортобуздагы сый жоголуп баратат. Ойлоно берип оорукчан болуп калым.







