AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмө бул белекти берсем "албайм" деп ыйлады

Күйөөмө бул белекти берсем «албайм» деп ыйлады

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Күйөөм экөөбүз эски телефону үчүн бир жолу катуу урушуп кеткенбиз. Достору менен жолукканы кеткен эле. Түн болду жок. Чалып жатам. Гудок кетет, бирок албайт. Сыртта кар жаап жатат. Машинасы бузулуп жолдо калдыбы деген жаман ойлор келе баштады. Досторуна чалдым. Бир саат мурун кеткенин айтышты. Саат он экиден өттү. Уктабай күтүп отурам. Кирип келди. Дароо эмнеге телефонун албай жатканын айттым. Кнопкасы иштебей, басса дагы болбой жатканын айтты. Көрсөтүп берсе дагы ишенбей катуу уруш чыгардым. Анан эки жакты карап жатып алдык.

Мени менен сүйлөшүп жүргөндөн бери ушул кнопка телефонун көтөрөт. Интернетке кирбейт. Анан дагы сынык фонуна менин сүрөтүмдү коюп алганын кантесиң. Бооруң эзилет.

Мага үч жолу телефон алып берди. Туулган күнүмдө, кыздуу болгонубузда жана жоготуп жибергенде. Өзүңө алып алчы десем, «мага ушул эле болот» дейт. Тапканын баарын үйгө көтөрүп келет. Жадакалса жаңы кийим дагы кийбейт. «Кызым экөөң алгыла, мага тим эле кой» деп коет. Кыйнап жатып жаңы байпагын араң кийгизем. 

22-февраль туулган күнү. Анан 23үн, майрамды кошуп жакшылап куттуктап койгум келди. Айлыгымдын баарына эң кымбат телефон сатып алдым. Үйгө өзүмө алгандай сүйүнүп келдим. Келсем кызым экөө мультфильм көргөнү жатышыптыр. Кызым чуркап келип телефонумду сурады. Өзүмдүкүн эмес, күйөөмдүкүн берип атаңа алып бар дедим. Күйөөм таңкалып кармап отурат.

— Сага, майрамың менен.

— Жок ай, албайм. Жок албайм. Мен муну сындырып алам. Тим эле койбойт белең.

— «Уже» сатып алдым. Артка жол жок.

— Жок, албайм, жок, өзүң көтөр. 

Аркасынан кубалап жүрөм, тиги албайм деп качып жүрөт. Көзү жашылданып чыкты. Телефонундагы симканы алып, жаңыга салып, колуна карматып, «мен чалганда дароо аласың» дедим. Ыйлап жиберди. Мен мындайды күтпөгөм. Улам кармалап коет. Акырын карасам ичин чукулап, кармалап, жымыңдап отурду. Интернетке кошуп берсем, кызы экөө түнү менен кино көрүп чыгышты. 

Берген белегимди аярлап көтөрүп жүрөт. Аны көрүп мен сүйүнөм. Ар дайым бизди ойлоп жүргөн күйөөмө жаңы телефон куп жарашты. Эскисин кызым оюнчук кылып алды. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Жигитим той алдында эки баласы бар экенин айтты

Жигитим той алдында эки баласы бар экенин айтты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.