AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмө башка кыз алып бергиси келген чоң энеси мени минтип сынады

Күйөөмө башка кыз алып бергиси келген чоң энеси мени минтип сынады

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

— Жыпаш, эртең коноктор келет экен.

— Апамдарбы?

— Ооба, анан эки чоң энем. Ким экенин билесиң?

— Сага башка кыз издегенби?

— Ооба, жакшылап даярданып койчу.

— Макул. Сен качан келесиң?

— Бир саатан кийин чыгам. Эмне ала барайын?

— Сникерс менен чипсы.

— Макул жаным.

Экөөбүз шаарда батирде турабыз. Үйлөнгөнүбүзгө үч ай болду. Бактылуу күндөрдү башыбыздан кечирип жаткан убагыбыз.

Айылдан келген коноктордун аягы сууй элек. Бирөөсүн узатсак, экинчиси келет. Кайын энем улам эт салып жиберет. «Кызым, кыйналбай ушуну асып эле берип кой» деп жан тартат. Баары бир дасторконду толтурушуң керек экен. Эми минтип мени жактырбаган эки чоң эне келе жатат.

Курбусунун кызын күйөөмө алып берем деп жүрүшчү экен. Анан небереси мени гана аларын айтып туруп алат. Жөн жерден жаман көрүнүп калдым. Кайын энем көңүлгө алба дейт. Экөө мен келгенде эле жактырбай жүрүштү. Жаман болот экенсиң. 

Күйөөм экөөбүз түнү менен салат, боорсок жасадык. Дасторконду толтурдум. Кайын энеме чалып чоң энелерге эмне тамак жагарын сурадым. Ал айтып берди. Кайра апама чалып, видеочалуу аркылуу аларды жасап кирдим. Көңүлдөрүн алайын деген эле аракетим.

Келишти. Учурашып тосуп чыктык. Небересин өөп, мени менен суз гана учурашып коюшту. Дасторконду көргөн кайын энем, «кызым, аябай убара болупсуң» дешти. Тиги экөө «эч нерсе болбойт» деп төргө өтүштү. Экзамен башталды.

«Атайын силер үчүн жасадым» деп биринчи тамакты алып келдим. Экөөнө салып берип, чайдан узатып жаттым. Экинчи тамакты алып келип, ал бүтөөрү менен үчүнчүсүн сундум. «Ай, чындап эле мынча убара болдуң» деп киришти. Тамакты мактап жеп жатышты. Экөөнө деп алган белегимди бердим. Тим эле сүйүнүп мактап киришти. «Неберем сонун аял алган турбайбы» дешип күлүп калышты. 

«Силердей чоң энем болсо деп кыялданчумун, эми минтип экөө болду» деп жылуу сүйлөп, улам чай сунуп, күлүп отурдум. Баягы каардуу эки кемпир жок. Мага баталарын берип, айылга узап кетишти. Кайын энем «акылдуу кыз» деп чекемен өптү. 

Азыр экөө тең «Жыпаш» деп турушат. Айылга барсам үйлөрүнө чакырып чай беришет. Чынында сонун эле апалар экен. Болгону тилин таап алыш керек болчу экен. Азыр тамашалап «иий, менин ордума башка кыз алып берем дегенсиңер э» десем, «жок ай» деп күлүп качышат. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

«Мачо» жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Аутизм менен жапа чеккен балдардагы алгачкы белгилер жөнүндө

Аутизм менен жапа чеккен балдардагы алгачкы белгилер жөнүндө

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.