AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет боорукер жаш келиндин баянын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Чоң энем “күйөө деген сен үчүн күйүп турган адам” дечү эле

Күйөөм үй иштерине жардамдашып коеюн дебейт. Жумуштан чарчап келгениме карабай, тамак жасайм, кир жууйм, үй жыйнайм. Ал болсо менден эрте келет. Сырттагы итке тамак берип койгонго жарабай, диванда чалкалап жата берет.

Бул адаты балалуу болгонубузда дагы өзгөрбөдү. Эч нерсеге жетише албай ары-бери чуркап жүрсөм бейкапар чалкалап жатат. “Балаңды алып турчу, боткосун бышырып алайын” десем, бир мүнөткө жетпей кайра көтөрүп келет.

“Кебетең кантет? Чач-башынды оңдоп алсаң боло. Тамак быша элекпи?” Жумуштан келип ушинтти. Жарылдым.

“Кебетем жакпай жатабы? Кечирип, кой кечке бала менен ойноп жүрбөдүмбү! Анан ботко жасап ойнодум! Балабыз температура болду, дарыгерге алып барып ойнодум. Менин күйөөм сонун адам да, ар дайым жардам берип, мүнөт сайын чалып акыбалымды сурап турат. Туурабы? А мен жаманмын, чачымды тараганга убактым жок. Чоң энем “күйөө деген сен үчүн күйүп турган адам” дечү эле. Меники аябай күйөт, туурабы?”

Ызама чыдабай ыйлап басып кеттим. Эртеси сүтүм чыкпай, температура болуп жатып калдым. Үч күндөн кийин бейтапканага түштүм.

Күйөөм келди. Унчукпай жаныма отурду.

— Акыркы күндөрү сенин жаныңда өзүмдү бактылуу сезбей элемин. Минтип ден соолугумдан ажырай баштадым. Жумуштардан колум бошобой, өзүмө убакыт бөлгөндү бери кой, чарчап балама татыктуу эне боло албадым. Эркектин ким экени аялынан көрүнөт. Менин кебетемди карачы. Буйруса айыксам, өзүмдүн үйүмө эле барам. Балаңды көрсөтпөйм дебейм, каалаган күнү келип көрүп кетсең болот.

— Анаржан…

— Мага ар дайым жанымда болгон, жардам берип, акыбалымды сураган, колдоп, кыйын күндөрдө кучагына кыскан күйөө керек.

— Мени уксаң…

— Мен чарчадым, уктайм.

Артымды карап жатып алдым. Көзүм жабык болгону менен жашым токтобой агып жатты. Күйөөм оор үшкүрүп чыгып кетти.

Эки жума бейтапканада жаттым. Күн сайын күйөөм тамак көтөрүп келет. Акыбалымды сурап, ар нерсени сүйлөйт. Билесиңерби, жооп бергим келген жок.

Бир күнү өз апам келди.

— Апа, убара болбой эле койбойсузбу. Арсланчик (балам) жакшыбы? Сизди кыйнаган жокпу?

— Арсланчик атасы менен.

— Түшүнбөдүм?

— Сен бейтапканага жаткан күнү эле келип алып кеткен. Кечээ кабар алганы барсам, күйөөң сенин фартугуңду кийип алып жалаяк жууп жүрүптүр. Баласын жанына коляскага салып коюптур. Бышылдап уктап жатат. Үйүң таптаза, баары ордунда. Тим эле кой десем болбой тамак жасап берди. Сенин алдыңда күнөөлүү экенин айтты. Эмне болдуңар эле? Баары жакшыбы?

Уккан кулагыма ишенген жокмун.

Бүгүн чыга турган күнүм. Пакеттеримди жыйыштырып, дарыгерге рахмат айтып сыртты көздөй жөнөдүм. Эшиктин алдында бир колуна баламды, бир колуна гүл көтөрүп күйөөм туруптур. Уйкудан калган кыпкызыл көздөрү баарын айтып турду. Жылмайды. Жылмайдым.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Келин алып келсем ата-энем үйдү сыртынан кулптап кетип калыптыр

Келин алып келсем ата-энем үйдү сыртынан кулптап кетип калыптыр

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.