Саламатсызбы! Менин турмуш курганыма эки жыл болду. Жолдошумду жакшы көрүп эле күйөөгө тийгем. Жашаганыбызга жарым жыл болгондо анын насвай чегет экенин билдим. Бул мен үчүн аябай эле жат нерсе. Урушуп-талашып жатып араң таштаткам. Эми болсо тамеки чегип баштаптыр. Ишенбей калдым. Сөзүнө турбай мени алдаган адам менен кантип жашоону улантам? Ажырашып кетким келип жатат. Айткан сөзүнө турбайт, калп сүйлөйт, жалкоо ж.б. Турмуш курганыма өкүнүп жатам.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







