Саламатсызбы. Силерге чоң рахмат, билбегендеримди силердин сайттан билип алдым. Мага психологдун кеңеши керек болуп жатат.
Турмушка чыкканыма бир жыл болду. Ортобузда бир перзентибиз бар. Жолдошум экөөбүз беш жыл сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Мен аны сүйөм, жана ар дайым ага ишенчүмүн.
Бир жолу кызыгып, мага чейин бирөө менен болдуң беле деп сурап, чынын айтуусун талап кылдым. Ал бир кыз менен 4-5 жолу болгонун айтты. Болгондо да мен тааныган, кудача кызыбыз экен.
Чынын айтсам, азыркыга чейин сураганыма өкүнөм. Ошондон бери жүрөгүм ооруп, жолдошума болгон ишеничим өчкөндөй. Мени сүйгөндөй аны да сүйдүбү, мени эркелеткендей аны да эркелеттиби? – деген ойлор айламды кетирет. Элестетип алып жаман болом.
Өзүнө кечирдим деп айтканым менен ичимен кечире албай жүрөм. Унута албай жатам. Кантем, мага кеңеш бергилечи?







