AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн кызыма айткан сөзүн угуп жашып жибердим

Күйөөмдүн кызыма айткан сөзүн угуп жашып жибердим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кыздары десе ичкен ашын жерге койгон ата жөнүндө баян жарыялайбыз. 

«Ажырашуу уят эмес!»

Кыздуу болгондон кийин “дерзкий” күйөөм таптакыр өзгөрдү. Көчөдө баягыдай эле, сыр билгизбей жүрөт. Ал эми үйгө келгенде кыздарыбыздын айткан сөзү менен болот. Үчөө отуруп алып чачтарын жасашат, куурчактарга көйнөк тигишет, тырмактарын боешет, татуу токоч бышырышат.

“Муйдусунан иий” деп эркелетип жатканда, кокус достору чалып калса, “Угуп жатам!” деп  олуттуу жооп берет. Аны көрүп алып боорум эзилип калат.

Кыздарын эмитеден эле кызганат. Бир жолу атракционго бардык. Кичинекей балдар кыздарыбыздын жанына келип бир нерсе деп сүйлөп калса, же колун кармап койсо, ордунан тура калып жатты. “Кой, кой”, “бар, ары ойно”, “эй, колун эмне кармап жатасың?” ж.б. 

Бир жолу мындай окуя болду.

Улуу кызыбыз биринчи класста окуйт. Сабактан келип эле атасына чуркап барды.

— Ата, күйөөң сени урса, демек сүйөбү?

— Ким айтты?

— Маршурткадан эки эже сүйлөшүп келишти.

— Эмне дешти?

— Күйөөң кээде кол көтөрүп койсо эч нерсе болбойт. Сүйгөнү үчүн кызганып урат дешти.

— Кызым, келчи жаныма.

Тизесине отургузуп башынан сылады.

— Кызым, акылсыз жана алсыз эркек гана аялына кол көтөрөт. Ажырашуу уят эмес! Сени сыйлабаган адам менен жашоо уят! Бир жолу кол көтөрдүбү, болду кетип кал, өзүңдү-өзүң эле сонун багасың. Эч качан, угуп жатасыңбы, эч качан өзүңдү басынтууга жол бербе! Сен өзүң каалагандай жашоого, бактылуу болууга укутуусуң. Эгер күчүң жетпей баратса, артыңда мен бар экенимди унутпа. Барагой, кийимдериңди алмаштырып кел, чай ичебиз.

— Ата.

— Оу.

— Ошондо, тиги эжелер калп айттыбы?

— Андай адамдардын сөзүн укпа, жүрөгүңдү ук.

Экөөнүн сүйлөшүп жатканын көрүп жашып жибердим. Ичимен бардык аталар ушундай болсо, бактысыз айымдардын саны азаят беле, деп ойлоп койдум. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, «окутам» деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.