AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

Үч күн катарынын токтоно албай күлдүм. Күйөөмдү көрсөм эле боорум эзилип жатып калат. Жакшы эле карманайын дейм, алым жетпейт. Бирок, күйөөмө сөз жок, “молодец” экен. Анда эмесе, эмне болгонун айтып берейин.

Табышкерим менин, жокко жолдош болбой, ар дайым тырбалаңдап жүрөт. Бул жолкусунда дагы курсагыбызды ач калтырган жок.

Үч литр шорпо, эт, куйрук менен боор, анан бир пакет боорсок көтөрүп келди. Ачкадан уктай албай жаткан балам эттин жытынан ойгоно калды. Билишим боюнча дос-туугандар тойго чакырган эмес. Жеп алалы анан сурайын деп, баарын дасторконго алып чыктым.

— Кайда барып келдиң?

— Кайдан уурдап келдиң дегени жатасыңбы (күлүп)? 

— Ооба.

— Камсанбай жей бергиле, маңдай терим менен таап келдим.

Бейкапар кабырганы мүлжүй берди. Ушу “точно” бир балээнин үстүнөн чыкты дедим.

— Айтсаң, кайда барып келдиң?

— Коңшу айылдагы тойго.

— Тааныштаргабы?

— Жок, ай, аларды биринчи жолу көрүп жатам.

Карантинден кийин жумуш жакшы болбой калды. Меники таптакыр эле токтоду. Күйөөм байкуш, курсагыбызды ойлоп, жалгыз иштеп жүрөт. Шабашка дегенди билесиңер, бирде бар болсо, бирде жок. Биз го чоңбуз, бир нерсе жебесек деле жүрө беребиз, кичинекей балабызга эле убал болуп кетти. Жашоодо өйдө-төмөн болорун ал кайдан түшүнмөк эле. 

“Жумуш жок башымды жерге салып келаткам. Анан бир үйдө шарлар байланып турганын көрүп калдым. Кыязы келин келаткан окшойт. Кишилер жол тоскону арканды даярдап жатышыптыр. Силерди ач уктабасын дедим. Дароо кирип барып эле ар кимиси менен учурашып кирдим. Бир маалда бирөөсү ким экенимди сурады. “Тиги, неменин досумун, тааныган жоксузбу” десем, «тааныдым, тааныдым»,- деп ишенип калды. Анан арканды алып жол тостум. Мына, кудалары 1000 сом.

Андан чыгып алып келатсам, дагы бир үйдө той болуп жатыптыр. Элдер толтура. Ал жакка дагы кирип кеттим. Казандын башындагы тайкеси кызуу экен, жардамдашып койсом, шорпо куюп берди. Анан азыр келем деген бойдон баса бердим.”

Үйдө ачка отурганыбызды ойлоп, мындай кичинекей кылмышка барганы үчүн күйөөмө ыраазымын.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Казанды көмкөрүп койсо эмне болот? Идишке байланыштуу ырымдар боюнча тест

Казанды көмкөрүп койсо эмне болот? Идишке байланыштуу ырымдар боюнча тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.