AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн досун сүйөм. Жаш келиндин баяны

Күйөөмдүн досун сүйөм. Жаш келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Баары 2 жыл мурун башталган…

Турмуш курганыбызга 6 жыл болду. 2 балабыз бар. Күйөөмдүн досун жакшы көрөм. 

Жолдошум экөөбүздү жеңем тааныштырган. Бат эле тил табышып кеттик.  

Болочок күйөөм колумду тизелеп сураса деп кыялданчумун. Андай болбоду. Маршруткада элек, «быйыл үйлөнөм», — деди. «Макулсуңбу» деген да жок. Көнүп калгамбы билбейм, айтоор, бир айга жетпей баш кошуп алдык. 

Ак көйнөк кийбедим, курбуларыма гүлдесте ыргытпадым, вальс бийлебедим.

Апам «сүйөсүңбү, өмүр бою жашай аласыңбы, түнт жигит көрүнөт», — деди. Ар кайсыны айтып, жарытаарлык деле жооп бербедим. Каап, ошондо жакшылап ойлонсом…

Бир жума айылда болуп, шаарга келдик. Билинбей жүрүп 2 балалуу болдук. Үйдө олтуруп калдым.

Мыкты ата болду, бирок, мыкты күйөө боло албады…

Эркелетпейт, сулуусуң дебейт, капалансам кучактабайт, жасаган тамагымды мактабайт, майрамдарда гүл бербейт. Акыркы күндөрү жашоом ушинтип эле өтүп кетеби деп көп ойлончу болдум. 

8 — март. Аяштарыбыз кафеге чакырышты. Каниет да аялы менен келди. Бир столго отуруп калдык. Эмнегедир улам эле көздөрүбүз чагылышып кетет. Жылмайып коебуз.

Кече ортолоп калганда бийге тартты. Белимден кучактаганда, жүрөгүм дүкүлдөп кирди. Күйөөмдү жолуктурганда мынчалык толкунданган эмесмин. Сүйүүбү билбейм. Музыка бүтпөсө экен деп жаттым.

«Аяш тамак ичип жатасызбы, сиздей аяшым бар экенин билген эмесмин, кыязы үйдөн чыкпайт окшойсуз», — деген сайын жүрөгүм бир башкача согот. Жылуу сөзгө муктаж экенимди ошондо сездим. 

Бийлеп жатып, кызганган жокпу деп жолдошум тарапты бир карап коем, мени менен иши да жок. 

«Сени мынча эмне ой басып калган?» , — деп жумушка кетип баратып сурады. Унчукпадым. 

Каниет оюмдан кетпей туруп алды. Ооба, сүйүп калдым. Аны көргөндө эле башкача болгом. Келишимдүү, өзүн караган, жагымдуу жыттанган, билимдүү, орду менен сүйлөгөн, аялга туура мамиле жасаган… Айта берсем сөз көп.

Көргүм келет…

«Мени сүйөсүңбү?», тамак ичип олтурганда сурадым. «Койчу, кайдагыны баштабай» , — деп туруп кетти. 

Социалдык тармактарга кирип Каниетти таап чыктым. Күн сайын  сүрөттөрүн карайм. Аялы менен түшкөн сүрөттөрү көп экен: туулган күнү менен куттуктаптыр, ыраазычылыгын билдириптир, белек бериптир, сюрприз жасаптыр. Кандай гана бактылуу аял.

Көрсө сүйүү башкача болот экен. Күйөөмдү сүйбөптүрмүн. 

Каниет сүйөөрүмдү, фейк аккаунт түзүп алып кат жазып жатканымды билбейт. Көрөт, жооп бербейт. 2 жыл өттү. Айлам кетип баратат.

Сиздерге жазып бир аз жеңилдеп алгым келди. Балким, менин баянымды окуган кыздар, турмуш кураар алдын жакшылып ойлонушаар. Ишенип койгула, чыныгы сүйүү бар экен. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Этек кирим кечигип жатат. Эмне кылсам?

Этек кирим кечигип жатат. Эмне кылсам?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.