AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн бул сөзүнөн кийин төрөбөй эле турайын дедим

Күйөөмдүн бул сөзүнөн кийин төрөбөй эле турайын дедим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Ай, качан?» Бул сөздү үйгө келген туугандардын баары айтмайын, кетишпейт. Биз теңдүүлөр алды эки, арты төрт балалуу болуп калганын айтышат. Эмне кыл дейсиңер!

Чарчадым. Ушундай чарчадым. Акыркы убактарда ыйлагым деле келбей калды. «Ишиңер эмне?» дегим келет. Аттиң, кээде тил кыска болуп калат. Бирөөнүн жашоосуна кийлигишүү адепсиздик экенин билбеген адамдар, менин бул сөзүмдү туура эмес кабыл алары анык.

Конок тосконду жактырган адам элем. Эми коноктор келсе, кадимкидей кабагым бүркөлөт. Ушул сөздөн качып, элден алыстап, чүнчүп кеттим. Мени тынч койгулачы.

Чачымды сылап жатыптыр. Ойгонсом күйөөм чачымды сылап жатыптыр. Көзү жашылданган. Кыязы ыйлаган окшойт. «Аябай кыйналып кеттиң э?» Унчукпадым. Жөн гана көзүмдү жумдум. Тып, тып, тып… Көз жаштар өзү эле ага баштады. 

Дарыгерлер мага азырынча төрөгөнгө болбой турганын айтышты. Турмушка чыккандан кийин оорум бар экенин билдим. Ошондуктан, алдын ала текшерилип тургула. 

Башында төрөйм деп аябай оолуктум. Эч кимдин сөзүн укпадым. Күйөөм токтотту. «Кимге эмнени далилдегиң келип жатат? Дарыгер азырынча болбойт, ден соолугуңа кооптуу деди го. Дарылан, буйруса баары жакшы болот. Төрөдүң, анан эмне болот? Өзүңө эле жаман. Бир нерсе болсоң мен ыйлап калам, балаң апасыз калат, а жашоо улана берет. Өзүңдү биринчи орунга койсоң! Эмне эле эч кимди укпай жатасың? Эл айта берет. Алардын оозун жаба албайсың. Угуп жатасыңбы?» 

Ыйлап чуркап бараткам. Колумдан кармап токтотту. Катуу айтты. Бирок, ошондо гана мага жетти. Ден соолугумду ойлобой, өзүмдү өлүмгө кыя чаап жатыпмын. Мен бирөөгө далилдеп жатканымды билдим. 

Күйөөм жанымда. Ишенесиңерби, бир дагы жолу качан балалуу болобуз деген жок. Кээде гана ушинтип чачымдан сылап, ичиндеги мага болгон сезимдерин чыгарып алат. 

«Анализдериңиз жакшы, буйруса баланы пландоого өтө берсеңер болот.» Мен бул сөздү жети жыл күттүм. Күйөөмө чуркап жөнөдүм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, «окутам» деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Капыстан жана даярданып балалуу болгон энелердин окуясы

Капыстан жана даярданып балалуу болгон энелердин окуясы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.