AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн бул сөзүнөн кийин байпагын тикпей калдым

Күйөөмдүн бул сөзүнөн кийин байпагын тикпей калдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

«Сенин баладай мүнөзүң жагат, баарына кызыга бересиң.» Эмнеге ага турмушка чыгышым керек экенин сурасам, мени сүйөрүн айтып, ушундай дегени эсиме түштү. Колумдагы жыртык байпакты тигип бүтпөстөн таштандыга алып барып ыргыттым.

Атам мени «кызым саякатчы болот, дүйнө кыдырат» дечү эле. Көзүмө эмне көрунсо баарына кызыга берчүмүн. «Бул эмне?», «Эмнеге андай?», «Эмне үчүн бул жерде турат?» Кызыгуум күч эле. Бой жеткенде дагы бул нерсе калбады. 

Мектептен, университеттен майрамдардын баарын мен уюштурчумун. Мугалимдер менен бир теманы кечке талашып талкуулап, активисит атка конгонмун. Бир көйгөйдү көрсөм, көтөрүп чыгып, чечилгиче аягына чыгат элем. Досторум толтура. Достошкусу келгендер дагы толтура. Мен жашоого суусап жашаган кыз болчум.

Турмушка чыккандан кийин мага бир нерсе болду. Башында баары сонун болчу. Баягы бала кыял эле кыз элем. Анан башталды. Кайын-журтка жагынгым келди. Өзүмо жакпаган ролду, жалган күлкүнү кабыл ала баштадым. Алардын ушагына кошулуп ушакташкан адат таптым.

Жанымды кыйнап калп эле үй тазалай берчүмүн. шейшептерди күн сайын жууп, анан эки жагын тең үтүктөп, кайра оодарып үтүктөгөн адат таптым. Эмне кылышты билбей, күйөөмө себепсиз чалып, «эмне кылып жатасың» деп калп эле суроо бере берчүмүн. Албай койсо үйгө келгенде жаңжал салат элем.

Кышында ачка кала тургандан бетер толтура варенье, салат жапкан нерсе таптым. Аны эч ким деле жебейт. Бирок, башка келиндер деле жабып жатпайбы деп, аларга атандашчу болдум. 

Күйөөм мени мурдагыдай эркелетип, мурдагыдай көздөрү менен карабай калды. Жашырганда эмес, төшөк мамилебиз дагы солгундады.

Күзгүгө карандым, тамак жыттанган, чачы саксайган, арыктаган, жүдөгөң бирөө. 

Ал күн дале эсимде. Күйөөм экөөбүз тойго баратканбыз. Кечигип жаттык. Күйөөм өзүм эле кийинем десе болбой, кийимдерин алып чыгып берип, байпактарын издей баштадым. Өзүм болсо таптакыр даяр эмесмин.

Анан байпагынын кыры жыртылып калганын көрүп, шашып жатканыбызга карабай отуруп тиге баштадым. Күйөөм ошондо тарс эттире шкафтын эшигин жапты. Чочуп кеттим.

— Сен эмне менин апамсыңбы? Же мен көзүңө жаш бала көрүнүп жатамбы? Же бир жерим иштебейби? Эмнеге мага анча өзүм эч нерсе кыла албагандай мамиле жасайсың? Өзүм кийинем, өзүм курсагым ачса бир нерсе бышырып жейм. Мен өзүм кыла алам! Угуп жатасыңбы? Сен кул эмессмиң мага! Шейшепти үтүктөп, варенье жасап, байпагымды тигип кызмат кылбай эле койчу! Мен сени ошону жаса дедимби, айтчы, бир дагы жолу андай кыл дебедим. Сенин өзүңдүн жашооң барбы? Мен сенин бүт өмүрүң эмесмин. Мен жөн гана күйөөңмүн. Мени баарынан өйдө коюунун, жакшы же жаман болуунун кереги жок. Кандай болсоң ошондой бол! Мен сүйгөн бала мүнөзүң кайда! Сен азыр менин көлөкөм болуп баратасың. Сени менен сүйлөшүү кызыксыз болуп баратат. Сен өзүңө кызыксыз болуп баратсың. Мен сени кызматчы эмес, аял кылып алганмын. Сени менен кеңешип иш кылып, жаныңда уктап, сүйүүмдү арнап туруу үчүн үйлөнгөм. 

Байпагын ыргытты дагы сыртка чыгып кетти. Мен көзүм тостойгон бойдон отурдум. 

Ыйлап бүтүп бетимди жуудум. Кайын эжем тойго келатабызбы сурап чалды. «Жок» дедим дагы, адаттагыдай актанбай, трубканы басып койдум. 

Көпкө чейин шыпты тиктеп жаттым. Анан мага жумуш сунуштап жаткан курбума чалдым. 

Ошол күндөн бери мен жыртыктарды бүтөгөн тигүүчү, же кышкыга кам көргөн ашпозчу эмесмин. Бирөөгө кызмат кылбайм, жагууга аракеттенбейм жана эч нерсени далилдебейм. Мен жөн гана менмин! Мен өзүмдү тандадым. Жашоого болгон баягы кызыгуум кайтып келди. 

Күйөөм мени мурдагы көздөр менен карап калды. Баса, азыр үтүктөлбөгөн шейшепти жамынып алып, бул окуямды жазып жатам. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

«Мачо» жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Баса албай жатканда кайын энемдин жасаган бул жоругун унутпайм

Баса албай жатканда кайын энемдин жасаган бул жоругун унутпайм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.