Саламатсызбы! Мен жолдошумдун экинчи аялымын, биринчиси менен «төрөбөйт» деп ажырашыптыр, бирок талак эле берген экен. ЗАГС аркылуу ажырашканга аялы макулдугун бербей жатат. Жолдошум өзү эле арыз жазып ажырашса болобу? Биздин эки балабыз бар. ЗАГСка турушубуз керек болуп жатат.







