Саламатсызбы. Күйөөм менен баш кошуп жашап келгенибизге 14 жыл болду. Ортодо беш балабыз бар. Жакында улуу кызым бир курбусунан атасы жөнүндө жаман сөз угуп мага айтып келди.
“Атамдын башка аялы бар экен, андан эки кыздуу болуптур. Ошол үй-бүлөсүн ээрчитип алып, курбумдун ата-энесинин үйүнө конокко барып турат экен”, — деди. Бул кабарды угуп, жаман болуп жүрөм. Күйөөмөн мындайды күткөн эмесмин.
Бул кылганы туура эмес деп, ага кантип түшүндүрөм? Кантип токтотом?
Психологдон жооп алып бергилечи? Алдын ала рахмат.







