Саламатсызбы! Кимге барып, кимден кеңеш алып жардам сурарымды билбей калдым. Баары эле акча талап кылышат. Кээ бирлери абалыбыздан пайданалып иштетип акчасын бербей коюшту. Өзүм төрт бала менен үйдө отурам, иштейин десем балдарым жаш. Жолдошумду тосмо арызы бар болсо дагы соттон бошотпой жатышат.Тосмо арыз жазган адам болсо сотко келип бергенден баш тартып жатат. «Тынчымды албагыла, тосмо арыз жазып бердим, болду дагы бир жолу келсеңер үстүңөрдөн арыз жазам»,- деп ал коркутат. Соттогулар болсо түшүнбөйт. Биз ошондо кимге кайрылсак болот? Күйөөмдү 202-берене менен кармашкан болчу. Жабырлануучу сак-саламат иштеп жүрөт. Кетирген чыгымдарды жабырлануучунун каалоосундай кылып баарын төлөгөнбүз. Анан тосмо арыз жазган эле.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







